Домой Коом Салык саясаты ийкемдүү, түшүнүктүү, адилеттүү жана максаттуу болушу керек…

Салык саясаты ийкемдүү, түшүнүктүү, адилеттүү жана максаттуу болушу керек…

29

Салык саясатын киргизген Акылбек Жапаров кызматынан кетти. Кадрлары камалып, салык жетекчилери алмашты. Эми салык саясаты кандай нукка түшүүсү мүмкүн?

— Кыргызстандагы салык саясатын дүйнө өлкөлөрү менен салыштырууда көптөгөн айырмачылыктары бар. Өнүккөн өлкөлөрдө салык жыйноо системасы көбүнчө автоматташтырылган, калыс жана туруктуу болсо, Кыргызстанда реформалардын жүргүзүлүшү жана салык саясатынын натыйжалуулугу көбүнчө түздөн-түз көзөмөлгө алынып, иш жүзүндө жетишсиз болуп келет. Мындан улам, Кыргызстанда салык саясатын реформалоо жана салык чогултуу системасын жакшыртуу боюнча иштер узак убакытты талап кылат.
Акылбек Жапаров демилгелеп, күч менен шашылыш киргизген салык реформасы элди кыйноого алып келди. Өлкө бюджетинин 70%дан ашыгын кичи жана орто бизнес толтуруп келсе, ЭТТН ишкерлик чөйрөсүндө түшүнбөстүктөр менен туруксуздукту жана коррупциялык элементтерди жаратты. Өкмөт башында салыктын түрлөрү кирбейт, формасы өзгөрөт дегени менен жаңы салык түрлөрү кире баштаганы коомчулукту дүрбөтүп кыжырланта баштаган.
2024-жылдын жыйынтыгы менен ЭТТН боюнча өлкөгө 30млрд.сом зыян келтирген коррупциялык ссхема аныкталып, Салык кызматынын жетекчилери камакка алынды. Акылбек Жапаров кызматынан кетти.

Өлкө башчы «салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек» десе, Салык кызматынын жаңы жетекчиси «салыкты өстүрсө эле, ал экономика өстү дегенди билдирбейт, элин ыйлактатып бюджетти өстүрүү — ал экономика эмес» -деп билдиришти. Алмамбет Насыркановичтин айтымында, президент ишкерлерге ашыкча жүк болгон салыктарды жокко чыгарууну тапшырган.

Жыйынтыгында Министрлер кабинети декабрдын башында Жогорку Кенештин кароосуна киргизген салык мыйзамдары бир топ өзгөрүп, айрым талаптар жеңилдетилмей болду. Айтсак, көбүн түйшүккө салып келген ЭТТН товардын 5 түрүнө жана ири импортёрлорго калтырылып, калганы бошотула турганы ишкерликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Өкмөт салыкка байланыштуу өзгөртүүлөрдү жылына бир гана жолу киргизе алат. Деген менен, өлкө башчынын кабыл алган айрым чечимдери талаш жараткан негизги салыктарды жокко чыгарды.
Мисалы:
• жаңы курулган үйлөргө 12% кошумча нарк салыгы салынбай турган болду. Ал турак жайды дагы кымбаттатмак.
• жеке мектептерге киреше салыгы салынбайт. Бизнес чөйрөсү бул салык жеке мектептердин абалын оорлоштуруп, билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизерин айтып жаткан.
• автоунаа токтотмолор үчүн салык салынбайт.
• базар администрацияларынын айыбы азаят.
• банктык депозиттерден түшкөн кирешеге салык төлөнбөйт.
• ишкердик жүргүзбөгөн учурда отчёт талап кылынбайт.
• юридикалык жактарды жок кылуу жеңилдейт.
• жер салыгына кирген мораторий 2030-жылга чейин узартылды.
• 2025-жылдын 1-январынан тартып айрым айыл-чарба товарларына кошумча нарк салыгы (НДС) 0% көрсөткүчтө бекиди.
Жыйынтыктап айтканда, өлкөдөгү салык саясаты ийкемдүү, түшүнүктүү, жеңил, адилеттүү жана максаттуу болушу керек. Бул өзү менен убакытты, көптөгөн эмгекти талап кылат.

Саясатчы, Жеңиш Молдокматов