Домой Саясат Салык кызматынын башчысы Абдалиев Садыр Жапаровго кантип жакты? Раиммилион жардам...

Салык кызматынын башчысы Абдалиев Садыр Жапаровго кантип жакты? Раиммилион жардам бердиби?

149

Мамлекеттик  салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиев “отко күйбөс, сууга чөкпөс” эргулдардын бири окшобойбу. Бул инсан жеринен салыкчы болгону менен Салык кызматында жакшы иштеп, өзүн көрсөтө албаган эт менен челдин ортосундагы кадрлардын катарын толуктап келатат. Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун бийлик учурларында Салык кызматында жооптуу кызматтарды ээлеп турду. 2012-жылы Атамбаев Салык кызматынын башчысы кылган. Ал учурда 8 ай иштеп, анан кайра алынган. 2019-жылы июль айында Жээнбеков Абдалиевди кайрадан Салык кызматынын жетекчиси кылды. Бирок жетекчи катары казынаны жакшы толтура алган жок. Бул учурларда салыкка төлөнчү миллиондор ар кандай жолдор менен казынага түшпөй келди. Бюджеттин тартыштыгы  абдан өстү. Абдалиев болсо кызматын бекемдөө менен алек. Садыр Жапаров  бийликке келгени далай атак минерлер кызматтан алынды. Бирок Абдалиевди албады, тийбеди.  Тескерисинче, батасын берип,  “баалуу кадр” бойдон калтырды. Сындан башы чыкпаган Абдалиев Жапаровго кантип жакты? Буга бир катар себептер бар. Анын бир себеби, Абдалиев атактуу РАИММИЛЛИОНдун жердеши болгондугунда.  Раиммиллион болсо 6-октябрдан тарта эле Жапаровчу болуп кеткенин эл жакшы билет. Негизи эле Абдалиев кайсы бийлик келсе да, кызматын сактап калганга абдан маш жана тажрыйбалуу болуп бүттү. Маселен, 2010-жылы 7-апрелге  чейин Бишкек шаардык Салык кызматын жетектеп турган. Бакиевдер менен качпады. Бирок жаңы бийлик менен тил табышып, кызматын сактап калган. Ал тургай, Атамбаев менен да жакшы мамиледе болуп 2012-жылы Салык кызматынын башчысы болуп чыга келген эле. Бир жарым жыл мурун Жээнбеков кайрадан  башкы салыкчы кылды эле. Эми бийлик алмашканда Жапаровго да жакты. Бирок иштеген ишинен майнап жок. Кандай бийлик келсе, ошол бийликке пайдалуу, калын   “капчыктай”  калдайып көрүнүп калганы  чатак болууда… Эртедир — кечтир жооп берчү да күнү келээр…