Кочкор районунун Теңдик айылынан 20 жыл мурун орто мектепти бүтүрүп кеткен Эрлан Салморбеков өзү окуган Калыгул Бай уулу атындагы орто мектепке Калыгул олуянын эстелигин өз каражатына тургузуп берди. Бул эстеликтин туруп калышына мектеп жамааты да бир аз солум кошкон. Эстеликтин ачылыш аземинде Калыгул олуянын урпактары Эрлан мырзага алкыш айтып, калпак-чепкен кийгизишкен. best site to buy generic propecia. Чынында бул башкаларга чоң үлгү боло турчу иш болуп калды. Эмнеге дегенде айрым жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөр айтылуу инсандардын айкелин турузбай эле, мектепке да, айылга да эч нерсе жазабай эле, өздөрү эле жыргап-чордоп тарап кетишкенин угуп,көрүп жүрөбүз. Аларга салыштырмалуу, Эрлан мырза тарыхта кала турган таасын иш жасап коюптур!