Домой Маданият Салижан Жигитов: “….тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп-желеп болуп…...

Салижан Жигитов: “….тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп-желеп болуп… уйку деген качты…”

1856
 «Бизде бир кыргыз өлгөн күнү иштин баарын таштайбыз. Биринчиден: сөөк чыкчу жерде 1-2 саат шоңшоюп күтүп отурабызбы, экинчиден, топурак салып келгенге, анан тамак жеп отурганга жарым күн убактыбыз кетет”.
“Кыргыз баласы үй-жайга байыр алганды унуткан, шуулдап эле арак издеп ары-бери чаап жүрөт. Анан той берет. Бирөө өлүп калса, 6-7 бээни союп таштайт, 3-4 күн иш болбойт, бир айыл жүрөт ошонун тегерегинде…”
* * *
«Кыргыз китеп жазса эле тарыхта калам деп ойлойт».
* * *
«Кыргыз микроб сыяктуу, кирген эле жерин чиритет».
* * *
«Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт».
* * *
«Кыргыз кыздардан «Оруска тиесиңби?» десең, «Тийбе-ейм!» деп так секирет. Орус мени алабы деп ойлобойт».
* * *
«…Замандын ырайын көрүп атабыз. Акаеви кетсе Бакиеви келет экен. Бакиеви кетсе дагы бир «акылманы» келет. Баарын көрдүк. Кысталак, анан калса бу дүйнөдөн мен көрбөгөн эчтеке деле калбаптыр. Анын үстүнө тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп-желеп болуп… уйку деген качты. Ошол жакты эле эңсеп калдым, тезирээк көрсөм деп… Бирок, тамаксоо жан курусун, силерге окшоп көргөнү келгендердин тамак-ашын кыйып кеталбай, ушинтип олтурам… Болбосо, эмне, спокойно кете бермекмин. Агер, а дүйнө болуп калса андан бетер жакшы…»
* * *
«Чынында да мен идеалдуу же өрнөктүү дегидей өмүр сүрө алганым жок. Нускалуу өмүр сүргөнгө реалдуу турмуштан, коомдук шарттардан көбүрөөк жеке өзүмдөн акылга жетиштүү бай эместигим, элеттик (провинциалдык) түшүнүктөрүм, ыкшоолугум, көп коендун артынан кубалай бергеним, дагы башка өксүк жактарым жолтоо кылды окшобойбу. Ата-энем мени жакшы эле адамдык данек менен жараткан экен, а данектен дүпүйгөн чынардай бакыбат дарак өнүп-өсүп чыккан жок, жапалак арчадай бирдеме өсүп тим болду белем».
                                      * * *
«Дүйнөдө коомго түз эмес, кыйыр пайдасы бар билимдүү кишилер көп. Мисалы, жазуучулар рухий турмушубузду түзөт. Бирок кыргыздын Айтматовдой дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 100 жазуучусу же мынабу Мурат Бегалиевдей 100 композитору болсо дагы экономиканы оңдоп жибербейт».
                                               * * *
«Аскар Акаевди жактаган кишилер айтып жатышпайбы азыр “Баары бир тарых өз ордуна коет, буга жакшы эле баа берет” деп. Билбейм, Кеминден өзүнүн туугандарынан эле чыгып, тарых жазып калып жакшы дебесе».
                                          * * *
«Элге эмне деп айтыш керек? Ой кыргыз эли, сен кичинекей элсиң, үч миллион элсиң. Европанын бир шаарында үч миллион эл бар. Экинчиден, артта калган, кедей элсиң. Өзүңдү өзүң багалбаган элсиң. Дүйнө багып атат бизди. Ушуну билиш керек. Бирок биздин деле башыбыз бар. Эки колубуз бар. Эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейпарлыгыбыздан бүт кор болуп жашап атабыз. Жалкоо элдер, начар элдер, бош элдер кор болуп туруп, анан
… ».
                                          * * *
«…Менин бир артыкчылыгым ушул: ар дайым үчүнчү сунушту айтам, аным эч качан суу кечпейт. Сунушум өтпөй турганын билсем дагы кыргыздын бир уулу катары өз оюмду айтып коюшум керек…».
* * *
«Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок. Экинчиден, эми юбилей өткөрүп бирдеме кылайын десем элдин баарын убара кыласың да. Биздин ата-бабаларыбыз сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген. Жолдоштор бар 60ка чыктык, жазып бересиңби деп калышат. Убара болуп, сөгүнүп атып жазып берем кээде. Өзүм той-топурга, шаан-шөкөткө каршымын түбүнөн эле».
* * *
«Мен гезиттерди окубай койдум. Анткени мен алардан акылдуу экениме көзүм жетет».
* * *
«… Азыр тоталитардык режим деп көрүнгөн сөгүп жатпайбы, бул кыргыз үчүн жакшы эле болду. Себеби, коркуп, жазганып, башка элдер менен жакшы болуп жүрүп, социализмдин тушунда элдин саны 5 эсеге өстү. Азыр болсо эч нерседен коркпойт. Коркпогон кыргыз өзү коркунучка айланды. Жанагы балдарыбыз хулиган болуп, аракка тойгондо кайра өзүбүздү сабап, тоноп жатышы ошондон да…»
* * *
«…Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да азап, өлмөгү да азап ».
* * *
«Кыргызчылык, той –аштарга барбаганымда дагы көп эмгек жасамак экем… ».
Рs… Салижан агай азыр көзү тирүү болгондо,азыркы саясатчыларды көрүп кыргыздар жөнүндө мин түркүн ой- акыл кенчин том том кылып жазып калтырмак…. Кыргыздарда көрөгөч, мыкты инсандар суюлуп баратканы өкүндүрөт. Орду жок бөксөргөн дүйнө, келиши толушу кыйын… Адабиятта,маданиятта,саясатта интеленция жоголуп барат өкүнүчкө карай..
Аа