Нургазы Айдаров аттуу клоун-саясатчы бар. Канкор Бакиевдердин убагында “Ак жол” партиясы аркылуу парламентке депутат болуп келген. Ошентип Бакиевдерге жан алы калбай кызмат кылып жүргөндө апрель революциясы болуп кетип, азыраак убакыт чээнде жаткандан кийин “Ата-Журт” партиясынын колтугуна корголоп барган.
Ал эми 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка ат салышкан. Учурда “качан депутаттык мандатым колума тийип калар экен?” деп саргая күтүп жүргөндөгү кербези. Анан дагы экс-спикер Акматбек Келдибековдун жакын досу экенин жакшы билебиз.
Мына ушул эрен коңшулаш Өзбекстанга барып, ал жактан кримчөйрөсүндө “Салимбай байбача” деген каймана ысым менен белгилүү Салимбай Абдувалиев менен жолугушуп, аны “кыргыз элинин опорасы” деп атап, жагалданып аткан видеосу интернет булактарына тарады. Баарынан кызыгы ошол видеону айрым саясатчылар КСДП партиясынын беделине доо кетирүү үчүн пайдаланып атышканы кызык болууда.
Маселен, Шаирбек Маматокторов аттуу чалагайым журналист жигит бар. Ошол өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына аталган видео тууралуу пикирин жарыялаптыр. Албетте, пикир жарыялаганы дурус, бирок ал видеону бийликти жамандоо максатында пайдаланып, пикир айтканы – анын деңгээлинин плинтустан да төмөн экендигин көргөзүп атат. Шаирбек мырза өзү убагында А. Келдибековдун этегине эле эрмешип жүргөнүн көп көрчүбүз. Анан өзүнүн “кожоюнунун” досун КСДП партиясына жана бүгүнкү бийликке жармаштыргысы келгени акылга сыябы?
Биринчиден, жогоруда айтып кеткендей Н. Айдаровдун КСДП партиясына кайнаса каны кошулбайт. Деги эле анын бул партия менен таптакыр байланышы болгон эмес. Учурдагы бийлик менен да таптакыр байланышы жок. Тескерисинче, ал бул партиянын каршылаштарынын өкүлү экени белгилүү. Андыктан кандайдыр бир сын айтаардан мурун, таржымалды так билип алуу керек го.