Домой Ден-соолук Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөндү

Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөндү

129

Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев: “Учурда биздин каза болгон 18 медкызматкерибиздин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилди. Баары болуп 34 учур каралып жатат. Өлүм катталган бардык ооруканаларда атайын комиссия түзүлүп иштеп жатат” – деп билдирди.

Ал эми 200 миң сомдук компенсация алуу үчүн республика боюнча Ош облусунан – 113;

Талас облусунан – 33;

Чүй облусунан – 337;

Нарын облусунан – 35;

Баткен облусунан – 25;

Ысык-Көл облусунан – 48;

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынан – 14 ж.б. оорукана жана медициналык мекемелерден жалпы 800 документ каралууда.