Домой Маданият Саламат Садыкова: Адвокат жалдоого мажбурмун…

Саламат Садыкова: Адвокат жалдоого мажбурмун…

1227

Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова өзүнүн укугун коргоо үчүн адвокат жалдоого мажбур экенин жазып чыкты.

«Жүрөк адамдын күзгүсү, кирдебесин…Кудайдын кудуретин адамдын боюнан көрүүгө болот. Ырасында бир сырдуу сегиз кырлуу инсандардын катары көбөйсө экен. Бирөөнү каралоого, боктоп шыбоого дүргүтүп ширеңке чаккан хайп жыйнап подписчик көбөйтүүгө маашырланган сайттан сайтка добулбас кагып адам абийринен өмүрүнө коркунуч туугузган, үч кундон бери маашырлана менин үстүмөн каралоого өлүмүмдү тилеп, өлтүрүп кетебиз дегенге чейинки деңгээлдеги доомат жалаанын артында ким тураарын аныктап мыйзам алдында жооп берээр сааты да келет… «Бирөө тыңшайт үйдөн чыкканча бирөө тыңшайт укканынча»деп урдура бергендин артындагы абийир сотуңарга баракелде, кайран менин замандаштарым. Калыс ниети түз асыл замандаштарым, өтүнүч менин мындай моралдык соккуга тушукканымдын артындагы жалакорлуктун, беймаза дооматчылдыктын, өзөгүндө бир гана менин эмес, улуттук ар намыска ашынган айыптоолордун айыккыс кесепети касиетинен коргонуучу мыйзамдуу жолдорунда таяныч калканыч (адвокат) жалдоого мажбурмун. Мени криминалдык деңгээлде каралап, коркутууларга, шылдыңдап барактарында имиджин жогорулатып жайдаңдаган азаматтын имамдыгына да жол болсун…Атын атап желеден оозумдун желин коротпоймун» дейт эл артисти