Домой Коом «Салам медиа» уюмунун жетекчиси Улукбүбү Амирова көз жумду

«Салам медиа» уюмунун жетекчиси Улукбүбү Амирова көз жумду

141

Баткендеги «Салам медиа» уюмунун жетекчиси, журналист Улукбүбү Амирова 42 жашында көз жумду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна кесиптештери кабарлап, ал инсульт оорусуна капилет чалдыгып, 18-майда жашоо менен кош айтышканын билдиришти.

Улукбүбү Амирова аймактагы популярдуу «Салам» радиосун жетектеп, аны заманбап мултимедиа борборуна айланткан. Эл аралык уюмдар менен кызматташып, бир катар программаларды даярдап келген. Президенттин Ардак грамотасына ээ болгон. 2018-жылы Журналисттердин Республикалык курултайында Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү болуп шайланган.

Булак: Азаттык