Депутат Сайдулла Нышанов бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында аз камсыз үй-бүлө боюнча маселени көтөрдү.
“7 балалуу жалгыз бой аял жашайт. Мен ошол жерге барып көрдүм. Эң улуу баласы 13 жашта. Эң кичүүсү 10 айлык. Баласынын бирөөсү инвалид, пособия албайт. Ушул карантин мезгилде бул үй-бүлөдө бир топ кыйынчылыктар пайда болду. Жогорку Кеңеште ушул маселе боюнча мен айткам. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жергиликтүү бийлик, соцжардам барган жок. Ошол эле мезгилде, 7 балалуу энени үйдөн чыгарганга дагы келип жатышыптыр. Ушунча мыйзам кабыл алабыз деп жатабыз, бирок бир үй-бүлөгө жардам бере албайбыз. Эмне үчүн Кыргызстанда 7 бала кыйналып жашайт?”, – деп суроо узатты Нышанов.