Домой Саясат Сахалинге саякат: кимдин эсебинен? Эмнеге?

Сахалинге саякат: кимдин эсебинен? Эмнеге?

190
Кыргыз өкмөтү элдин маңдай тери менен табылган бюджеттик чыгымдарды үнөмдөө, мыйзамдуу иштетүү боюнча аракет жасап жатканы бар. Ошол максатта өткөн жылдары жалпы чыгымдарды оптимизациялоо боюнча токтом кабыл алып, кыйла жумушчу орундары кыскарган, канчалаган адистер жумуш ордунан кетишкен. Деген менен, экономикалык-каржылык каатчылыкты болтурбоо, каражаттарды натыйжалуу пайдалануу – өкмөттүн милдети.

Бирок, баары эле өкмөт каалагандай, айткандай болбойт экен. Чиновниктер ар кандай айла-амал менен бюджеттик каражатты өзү үчүн үнөмдөп калууга аракет кылышат тура. Ошол эле кезде көп балалуу жетим-жесирлер, майыптар бийликтерден колдоо, жардам күтүп зарыгышат.

Мындай аракеттердин айрым мисалдары бар. Эки жыл мурун, тактап айтканда, 2018-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын жооптуу кызматкери Дарманкул уулу Бакыт Россия Федерациясынын Ыраакы Чыгыш аймагында миграция кызматкерине телефон чалган. Анда ал бул мамлекеттик кызматтын башчысы Болотбек Ибраимжанов жана өзү Южно-Сахалинскиге барышы керектигин, бирок ага жөндүү себеп болушу зарылдыгын айтып, Кыргыз Республикасынын ошол шаардагы ардактуу консулунан таклип кагазын жөнөтүүнү уюштуруу жагын суранат. Демек, ардактуу консул аталган эки кишини Южно-Сахалинскиге келип кетүүсүн суранган кат жибериши керек болот.

Ошентип, кызматкер айтылгандарды жасайт, КРнин Южно-Сахалинск шаарындагы ардактуу консулу В.А. Трофимов 2018-жылдын 20-августунда №81 сандуу катты КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.С. Ибраимжановго жолдойт. Анда 2018-жылдын 6-сентябрында мигранттардын маселелери боюнча Сахалин областтына келип, Южно-Саханлинск шаарынын мэри менен жолугушуп кетүүнү суранат.

Албетте, бул жактан командировкага жөнөтүү тууралуу расмий документтер даярдалып, жол жана башка чыгымдар эсептелип, каржыланып, эки киши ал жакка жөнөшкөн. Ал жакка барышкан. Ал жакта миграция кызматынын тийиштүү кызматкери тосуп алган жана бардык зарыл маселелерди уюштурган. Мисалы, келген эки конокту мейманканага жаткыруу, алардын чыгымдарын төлөө, Южно-Сахалинскиге учуп барып-келген учак чыгымдарын төлөө маселелерин жеринде чечкен.

Эгер тактап айта турган болсок, Южно-Сахалинск шаарындагы ООО “Санта” ишканасы (Венск көчөсү-3 дарегинде жайгашкан) 2018-жылдын 31-августунда ООО “ХК “Консоль” ишканасына №798 сандуу счет-фактураны жөнөтөт. Анда 2018-жылдын 6-7-сентябрда мейманканада Б.С. Ибраимжанов, Д. Уулу Бакыт жана А. Абдыбахапов жатышы үчүн ар бирине 9000 рублден, кошумча төлөмдөрү менен жалпы 35 миң 100 рублди 5-сентябрга чейин төлөө керектиги айтылган. Бул жактан баргандар шаардагы “Санта Ризот Отель” мейианканасында жатышкан. “Консоль” холдинг компаниясы аталган үч кишинин мейманкана чыгымдарын толук төлөп берет, бул тууралуу компаниянын тастыктама документтеринде баары көрсөтүлгөн, аныкталган.

Бул жогорудагы сумма мейманкананын гана чыгымдары. Ал эми Бишкектен Саханлинге барган чиновниктердин учак чыгымдары да бар. Учак билеттеринин чыгымдарын да чиновниктер бюджеттик каражаттан төлөшкөн эмес, аларга башкалар төлөгөн. 2018-жылы 1-сентябрда Сахалин областынын Анивск районунда жайгашкан ООО “Аэрком” ишканасы ардактуу консул В.А. Трофимовго №1397 счет-фактураны жөнөтөт да, Южно-Сахалинск – Москва багыты боюнча Б. Ибраимжанов менен Б. Дарманкуловго 15 миң рублдан экөө үчүн 30 миң рублди, кошумча төлөмдөр үчүн 2 миң рубль төлөп берүүнү талап кылат. Ошондо жалпы сумма 32 миң рублди түзөт. Ардактуу консул чыгымдарды төлөп, чиновниктер 7-сентябрь күнү Южно-Сахалинскиден Москвага учушкан.

Ошентип, биздин чиновниктерге Южно-Сахалинскидеги холдинг компания кызмат көрсөтүп, жол чыгымдарын консулдук төлөп берген. Ал жакта чай-пайы кандай болду, кандай иштер бүттү, бизге маалым эмес. Болгону бюджеттик чыгымдар үнөмдөлгөнү бизге кызык. Бирок, ал үнөмдөлгөн бюджеттик чыгымдар кайра бюджетке кайтарылдыбы же чиновниктердин чөнтөгүндө калдыбы? – бул жагы да белгисиз. Балким, бул маселеге УКМКнын Антикоррупциялык кызматы же Экономикалык кылмыштарга күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кызыгып коюшса жакшы болмок. Бир гана ньюанс бизге тынчытык бербей туру: Миграция кызматынын кызматкери алдын ала телефон чалып, ал жакта иштеп жаткан кызматкерге ардактуу консулдан чакыруу катын уюштурууну табыштаган. Өздөрү ал жакка баргысы келгенби? Эгер ардактуу консул чындап эле чакырса, анда неге алар телефон чалып, аны уюштурууну дайындашкан? Балээнин балээнин баары ушул жерде го.

Бизге жеткен кабарга ишенсек, Южно-Сахалинскиге төрага менен чогуу барып келген Б. Дарманкулов мурда Бишкекте иштеп жүрсө, азыр Россияга которулуп, ошол жакта иштеп жатыптыр. Бул жактагы эмгек акысы менен Россиядагы эмгек акысы асман менен жердей экен, аларга дипломатиялык чөйрөгө таандык бараандуу маяна берилет экен.

Ал эми төрага Б. Ибраимжанов мурда “Республика-Ата-Журт” фракциясында депутаттык мандат алганын, кийин Мамлекеттик миграция кызматына төрага болгонун билебиз.

Кыргыз өкмөтү кийинки кездерде чиновниктердин чет элге сапар чыгымдарын үнөмдөө жагынан катуу талап менен иштеп жатат, ал ырас. Балким, Б. Ибраимжанов ошол талапка баш ийип, сапар чыгымдарын башка жактарга төлөтүп жатабы? Же андай дейин десең, командировкалык чыгымдар бул жактан да берилери да анык.

    

     

  

Жалил Сапаров, журналист.

Булак: kyrgyztoday