“Атамбаевсиз СДПК” – деп өзүнчө кыймыл түзүп, бийликтин колдоосу менен СДПК партиясын Атамбаевден тартып алууну көздөгөн Сагынбек Абдрахмановдун абалы учурда чатак болуп турат. Анткени, буга чейин Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбековдун колдоосу менен жер-жерлерде партиянын конференцияларын өткөрүп жүргөнүн жар салып келсе, кечээ жакында Ак үйдүн астына чыгып алып, “Асылбек Жээнбеков, Аида Касымалиева “Биримдик” партиясы менен шайлоого барат экен, алар СДПКдан депутат болушкан” деген сыякгуу нааразычылыгын билдирип, ызасын коомчулукка жарыялады.
Мындан улам, “Сагынбек «кидать” этилиптир” деген пикирлер тарап кетти. Бирөөгө ор казбаш керек экенин Абдрахманов түшүнүп жаткан чыгаар. Бирок кеч болуп калды го баары…
Булак: Ачык саясат