Домой Саясат Сагынбаев: Матраимов тергөөгө суракка чакырылышы мүмкүн

Сагынбаев: Матраимов тергөөгө суракка чакырылышы мүмкүн

38

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттик иликтөөгө байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мекеме аралык тергөө тобуна чакырылышы мүмкүн экенин айтты. Ал бул тууралуу 25-ноябрда Бишкекте басма сөз жыйынында билдирди.

— Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) башында турганмекеме аралык тергөө тобу макалада келтирилген бардык жагдайларды иликтеп чыгат. Тергөө тобуна журналисттик иликтөөдө аты аталгандар, анын ичинде Матраимов өзү да чакырылышы мүмкүн деп турам, — деди Сагынбаев.

Ал Райымбек Матраимовго эч кандай издөө жарыяланбагандыктан анын кайда экенин так билбей турганын, бирок уккан-билгени боюнча Кыргызстанда эле экенин кошумчалады. УКМКга берилген материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Матраимов суракка өзү келиши керек экенин же болбосо анын келиши камсыз кылынарын билдирди.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Журналисттик иликтөө боюнча Райымбек Матраимов бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялады. Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгиледи.

Булак: Азаттык