— “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сот отуруму партия мүчөлөрү тарабынан атайын создуктурулуп жатат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
— Текебаевдин тарапкерлеринин сотту создуктуруп жатышын кылмыш ишин саясатташтырып, жоопкерчиликтен качуу аракети деп баалайм. “Ата Мекен” партиясынын юристтери, партиянын мүчөлөрү кандай болбосун сотту артка жылдырууга далбастап жатат. Алардын бир эле максаты бар, ал эптеп Текебаевди президенттик шайлоого катыштыруу.
— Текебаев шайлоого катышса анын канчалык шансы бар?
— Менин жеке пикиримде, Текебаев шайлоого жоопкерчиликтен кутулуу үчүн катышууну каалап жатат. Анткени, талапкер болуп катталса актанууга шарт түзүлөт.
— buy actra sx. Текебаевди колдоп жаткан Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнүн да кыңыр иштери коомчулукка белгилүү. Алар ушундан чочулап жаткан жокпу?
— Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрүнө коомчулукта шектенүү бар. Айрымдарына буга чейин соттун чечими чыккан. Анан дагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Текебаевдин пайдасы үчүн көрсөтмө бере турганы маалымдалууда. Аларды деле түшүнсө болот. Анткени, Текебаевдин кыңыр иштери далилденгенде алардын да бети ачылып калышы ыктымал.