Интервьюнун үзүндүсүн жарыялайбыз. Келерки аптада толугу менен Би-Би-Синин Facebook баракчасына жана YouTube каналдарына жарыяланмакчы.
Би-Би-Си: Жолдошуңуз 2017-жылдын 25-мартында чек арадан өтүп келип кармалган боюнча абакта. Коомчулукта Садыр Жапаров чет жерден келбей койсо болмок дегендер көп болду. Сиздин оюңуз кандай?
Айгүл Жапарова: Бул суроону биз дагы абдан көп талкуулайбыз. Келбей койсо кандай болмок? Анда эл катары эле жашап жүрө бермекпиз. Бирок Садыр ал жолду тандаган жок. “Барам, барышым керек” деп туруп алды. “Коомдук сайттарда мени колдогондор абдан көп болуп жатат” деп эле аларга ишенип деле жолго чыгып алган жок. Ал кайда баратканын, эмне үчүн келе жатканын толук билип турган. Азыр ойлосок, улгайган ата-энебизди аябай койгон экенбиз. Садыр өзүнө карата козгологон кылмыш иши болбогон соң, өзүнө ишенип келди. Анын келери тууралуу маалыматтар чыгып кеткенде, тез арада кылмыш ишин токуп, чек арадан колуна чакыруусун карматып алып кетишпедиби. Мен муну бир адамдын өч алуусу деп айтаар элем. Мамлекетти каалагандай калчап, эл алдында жоопкерчиликти сезбей, каалаган кишисин камап койсо боло берет дегендин жыйынтыгы ушул болду.
Би-Би-Си: Сиз убагында балаңыз үчүн Раиса Атамбаевага кайрылганыңызды, өтүнүчүңүз четке кагылганын айтып калдыңыз. Чындап эле ортомчу болгон адамдар сиздин өтүнүчтү жеткирди деп ишенесизби?
Айгүл Жапарова: Балким, жетпей деле калгандыр. Бирок мен ортого салган адамдар “Раиса Атамбаева мындай иштерге аралашпайм деп айтты” деген жоопту беришти. Азыр да кээде ойлоп кетем, президентибизге Садыр тууралуу так, толук маалымат жетпей жатат окшойт…
Би-Би-Си: Жолдошуңуздун тарапташтары менен катар эле Садыр Жапаров да коррупционер, кыңыр иштерге аралашкан дегендер да бар. Бул тууралуу өзүңүз да окуп эле жүрсөңүз керек?
Айгүл Жапарова: Ооба, кабарым бар. Баарына бирдей жагуу мүмкүн эмес. Жагайын деп аракет да кылбаш керек. Баары эле мактай берсе, анда киши өспөй калат. Тескерисинче, сындап тургандын деле жакшы жагы көп болот.
Би-Би-Си: Акыркы жылдары үй-бүлөңүздөр үчүн оор жоготуулар болду. Жамандыкты амандык жеңет дейт эмеспи, жакшы жаңылыгыңыз бар экен. Жакында келин алган турбайсыздарбы?
Айгүл Жапарова: Ооба, жамандык улам кайталана бергенде, кыргыздын ырымы кылып, жакшылыкка бурулсун деп Дастандан кичүү уулубузду үйлөдүк. Куда-сөөгүбүз да абдан жакшы кишилер экен. Азыр эле келе калгыла дебей, биздин шартты жакшы түшүнүп жатышат. “Садыр өзү келгенде жакшылык менен баштасынчы”, “жакшылыкка барсынчы” деп тууган-урук кудага барбай күтүп олтурабыз. Камынып койгом. Чыгып калса дароо кудабыздыкына баралы деген үмүтүбүз бар…
Булак: БИ-БИ-СИ