Бүгүн, 28-августта Түп районунун Кең-Суу айылында Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Учурда маркумдун сөөгүн көрүстөнгө алып бара жатышат.
Уулун акыркы сапарга узатууга маркумдун атасы, саясатчы Садыр Жапаров да келген. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ага уулун акыркы сапарга узатуу үчүн барууга урусат берген.
Ошондой эле, тажияга Камчыбек Ташиев, Курманбек Эргешов, Назира Нармаматова, Бөдөш Мамырова, Камила Талиева, Талант Мамытов жана башка белгилүү адамдар, саясатчылар келишкен.