Домой Саясат Видео — Садыр Жапаров: Текебаев, Отунбаевалар көчөдө сайрабай, ошол жакка барып сунуштарын...

Видео — Садыр Жапаров: Текебаев, Отунбаевалар көчөдө сайрабай, ошол жакка барып сунуштарын беришсин…

137

Президенттикке талапкерлигин коюу үчүн убактылуу кызматын тапшырган премьер-министр Садыр Жапаров 10-январда өтчү президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Жапаров 23-ноябрда “Жетинчи каналга” курган маегинде билдирди.

Ал 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоорун «10 жылдан бери талкууланып келе жаткан документ деп айтты:

-2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Мен эки гана сунуш киргиздим. Бул долбоорду 2010-жылдан бери курултайчылар чогулуп талкуулап келе жатышкан. Мунун башында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Байас Турал баштаган жыйырмадан ашык автор турат. Жалгыз эле киши эмес, академик, юридика илимдеринин доктору, талапкер жана башка уюмдар дагы бар. Жаңы кирип жаткан долбоордо башкарууда бир эле башчы болсун жана парламент калсын деп жатабыз. Бүгүн кандай? Парламенттик башкаруу деп жатабыз. Утуп келген партиялардын үчөө биригип алып мамлекетти үчкө бөлүп, бардык кызматка «итибай-чотубайын» деле коюп атат. Азыркы аксап турганыбыз ушундан болуп атат. Биз ушундай кылбай, мындан ары элдик Конституция болсун, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деген Конституцияны түзүп жатабыз. Менин сунушум: өкмөт президентти бириктирип, бир эле аппарат болсун деп жатабыз. Анан курултай кирсин деп жатабыз. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө бул долбоорду зордоп, “бүгүн-эртең кабыл ал” деп жаткан эч ким жок, элдин талкуусуна койгула деп айтар элем. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбесе, түшкөн сунуштарды кабыл алыш керек. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, ошол жакка барып сунуштарын беришсин. Мен парламентке башка сунушту айтар элем. Жогорку Кеңешке, былтыр болсо керек эле, Курманкул Зулушев деген депутатыбыз “парламенттик башкарууну каалайсыңбы, же президенттик башкарууну каалайсыңбы?” деген суроону референдумга чыгарууну сунуштаган. Мен ошол мыйзам долбоорун депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо элдин алдында койсо деп суранат элем, — деди…

Садыр Жапаров референдумда экинчи маселе катары парламенттин түзүмү боюнча суроону кошуу зарыл, мындан соң Баш мыйзамды кабыл алса болот, деп кошумчалады

Ал 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды “хандык башкарууга жол ачкан” укуктук механизм катары сынга алды.