Домой Коом Садыр Жапаров сырттагы видеокөзөмөл боюнча мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров сырттагы видеокөзөмөл боюнча мыйзамга кол койду

20
Президент Садыр Жапаров “Сырткы видеобайкоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 11-майда кабыл алган. Бул республиканын бардык аймагында тышкы видеокөзөмөл системасы менен жабдылган объектилерди иштеткен юридикалык жана жеке жактарга тиешелүү.
Басма сөз кызматы билдиргендей, видеокөзөмөл боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен өлкөдө кылмыштуулуктун алдын алуу, ага каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого жардам берет.
Жергиликтүү кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча тышкы видеобайкоо тутумдарын орнотууга тийиш болгон уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объектилеринин тизмесин бекитет.