Домой Саясат Садыр Жапаров шайтан-шабырларга ишенип, ислам динине шек келтирип калганбы?

Садыр Жапаров шайтан-шабырларга ишенип, ислам динине шек келтирип калганбы?

42

 

 

 

Садыр Жапаров

 

«Nazarnews» аттуу интернет сайтына Сонунбүбү Кыдырмышева аттуу көзү ачыктын «Президенттик шайлоо бузулат, эки президент Кыргызстанга кайра келет» деген темада кыскача «божомол-дөдөмөлү» жарыяланыптыр.

cialis online canada paypal. Анын айтканына караганда, президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин баардыгынын күчүн бирдей имиш. «Бу көзү ачыкты чыкыйга ат тепкенби?» деп турушат муну окуган окурмандар. Аты-жыты белгисиз, жумушсуз жүрүшкөн жана психикалык жактан нормалдуу эмес айрым талапкерлер менен саясатта салмагы бар, тажрыйбалуу башка талапкерлердин күчү кантип бирдей болсун? Оозду чоюп атканда, кичине эмнени айтып атканын аңдап коюш керек да.

Андан аркысы андан да кызык. Көзү ачык «шайлоону бийлик бурмалайт, анан чаң-тополоң болуп, кан төгүлөт, Атамбаев курчоодо калат, мурунку эки президент кайтып келет, эл аларды кечирет, бийликке убактылуу 40 жаштан өткөн орто бойлуу жигит келет, С. Жапаров менен Ө. Текебаев камактан чыгат, бирок алар кызматка барбай, кеңешчи болуп калышат» деп саймедирейт.

Мына ушуну окуп отуруп, Сонунбүбү Кыдырмышева аттуу көзү ачыктын оозу менен С. Жапаровдун тилеги айтылып аткандай таасир калтырат экен. Себеби, аталган сайт С. Жапаровго тиешелүү экендиги көптөн бери эле айтылып келет. Анын үстүнө ушул эле көзү ачык убагында Садыр мырзаны да апендинин кызындай мактаган. Аз эле жерден «боюнда да бар» деп айтып ала жаздап токтогон. Эми минтип С. Жапаровдун ичинде катылган тилегин өзүнүн атынан айтып атат. Садыр мырзанын көздөгөнү эле «Кыргызстанда чаң-тополоң болсо экен, кан төгүлсө экен, анан азыркы бийлик кулап, ордуна өзүбүздүн адамдар (Бакиевдер) келсе экен» деген тилек экени белгилүү. Ошону эми өзү айтпай, минтип көзү ачыгы аркылуу айттырып атат.

Экинчиден, Ислам дининде көзү ачыктарга ишенүү өтө оор күнөө болуп саналат. Себеби, эртеңки күнү эмне болорун бир Кудайдан башка эч ким билбейт. Көзү ачыктарга ишенүү — бул шайтан-шабырларга ишенүү менен барабар. Демек, ошондо Садыр мырза жалаң ошолордун курчоосунда калган болобу?