Садыр Жапаров президенттик ыйгарым укуктарын бүгүн, 14-ноябрда, тапшырат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Анын айтымында, Жапаров ыйгарым укуктарын тапшырат. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясына барып президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин берет.
Белгилей кетсек, буга чейин Жапаров президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин спикерине, ал эми өкмөт башчылык кызматты биринчи вице-премьер аткарып каларын айткан.
Эске салсак, БШКнын 14-ноябрь саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, БШКга арыз бергендердин саны 56 адамга жеткен.