Домой Коом Садыр Жапаров: кырдаал начарлап кетиши мүмкүн, элди үнөмдүү болууга чакырам

Садыр Жапаров: кырдаал начарлап кетиши мүмкүн, элди үнөмдүү болууга чакырам

25
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды каражатты ысырап кылбоого чакырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, өлкө башчы бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынына катышты. Ал кымбатчылык боюнча кеп кылып, жарандарга кайрылуу жасаган.
«Мекендештериме, жалпы эле кыргызстандыктарга ачык айтып, кайрылып кетейин, ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек. Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюм сатып алууну кийинкиге жылдырып, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам. Мен өз жарлыгым менен сөөк коюу каадасында мал союуга чектөө киргизгенимди билесиздер. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги да, ар бир үй-бүлөнүн деңгээлинде дагы эң негизги маселе — бул азык-түлүк коопсуздугу. Айдоо жерлерибиздин бир метр жерин да кысыр калтырбайлы! Жаздын ар бир күнүн жер менен иштөөгө жумшооңуздарды өтүнөм. Жаздын бир күнү — жылга тете!» — деди Жапаров.
Президент мамлекет ар бир кыргызстандыкка социалдык колдоо көрсөтөрүн белгилеген.
«Социалдык колдоо көрсөтүлөт, буга бөркүңүздөй ишене берсеңиздер болот. Эмгекчилер күнү, 1-майда, айтылган суммалар колуңуздарга тийгенде кубанасыздар деп ишенем», — деди ал.
Жапаров ошондой эле элди ынтымакта жашоого чакырып, Кыргызстанда тынчтык болушун тиледи.