Домой Саясат Садыр Жапаров Евразия фондунан 100 миллион доллар насыя алуу боюнча сүйлөшөт

Садыр Жапаров Евразия фондунан 100 миллион доллар насыя алуу боюнча сүйлөшөт

89

Президент Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алуу боюнча сүйлөшөт. Бул туурасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кредитти жеңилдетилген шартта алуу каралып жатат.

«Аталган фонддун каржылоосу экономиканы, социалдык секторду колдоо, каржылык тобокелчиликтерди жоюу жана макроэкономиканы турукташтыруу үчүн антикризистик чараларды жүзөгө ашырууга жардам берет. Реформа баштоо үчүн өлкөдө, анын ичинде экономикалык жана социалдык тармактарда туруктуулук болушу керек. Ошондуктан биз үчүн бул жардам өтө маанилүү», — деди Казакбаев.

Мындан сырткары, министр мурда макулдашылган келишимдерге ылайык, Россия тараптан жыл сайын социалдык-экономикалык долбоорлор жана экономиканы бир жолго салуу багытында гранттар бөлүнүп турарын кошумчалады.