Өлкөдөгү соңку окуялардан кийин абактан чыккан Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактан чыкканын туура деп эсептейт. Бул тууралуу ал 7-октябрда “Мекенчил” партиясынын штабында өткөн маалымат жыйында айтты.
“Атамбаевдин абактан чыгышын туура эле көрдүм. Ал жаманбы жакшыбы 6 жыл мамлекетти башкарган адам. Эми камалбай туруп сот менен маселесин чечип алса болот”, – деди Жапаров.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү жана УКМКны басып алышкан.
6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын өкүлдөрү чогулуп, Координациялык кеңеш түзүшкөн.
Ушул эле күнү кечке маал “Достук” мейманканасында парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун дайындалганы айтылган.
7-октярда “Ала-Тоо” аянтына люстрацияны талап кылган саясий топтор жана активисттер митингге чыгып, Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка сунуштап, өкмөт үйүнө кирип барышты.
булак: reporter.kg