Домой Саясат Садык Шернияз, ЖК депутаты, «Айтыш» фондусунун негиздөөчүсү: «Айтыш фондунан которуп коём эки эсе...

Садык Шернияз, ЖК депутаты, «Айтыш» фондусунун негиздөөчүсү: «Айтыш фондунан которуп коём эки эсе кылып, бүтпөгөн тешигиӊиз болсо жаап алыӊыз»

30

Жеӊишбек акынга жолугуп калдым бир тойдон. Жадырап жайнап учурашып жаткан. Казахстанга барыпсыӊ эмне болду деп сурасам, жүзүн сур булут аралап кеткендей болду. Жарым финалга да чыгарышкан жок дейт. Кашайтканы: Эрман Жүрсүн байгесин берип жатып 300000 теӊге бул кыргыздар учун чоӊ акча деп сүйлөдү дейт. Мен да кашайып кеттим. Таластыктарча сөгүнүп да алдым окшойт. Эсимде ,2003-жылы Астанада да бир сөгүндүм эле бир чоӊ айтышта. Ошондо да Элмирбек менен казактын бир акыны финалга чыгып, анда да Эрман Жүрсүн, калыстарга кайрылып, « Эми бул жерде казак кыйынбы, же кыргыз кыйынбы деген сөз гой» деп алдын ала калыстарга эскертуу жасаган жери бар. Ошондо бир айтаарым бар эле айта алган эмесмин, жаш элем, акындарыбызды өстүрүп алалы али айтышаарбыз деди элем. Анын үстүнө Мырзатай Жолдасбеков, Абиш Кекилбаев сыяктуу аксакалдарды сыйлагам, оң колумду кармап ачууга алдырба айналайын деп олтурган Онгарсынова эжемди кыя алган эмесмин, чыр салбай кетейин мейли биринчи орунга макул бололу деп.

Эки элдин ынтымагын ойлойлу, бийик бололу деп жүрөбүз. Кудайга шүгүр Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов агаларымды көргөндө чер жазышып сүйлөшүп каламын, Асанали Ашымов, Нуржуман Ихтымбаев байкелерибизди көргөндө бири-бирибизди кучактап жатып аран бөлүнөбүз. Сатыбалды Нарымбетов агайымды көргөндө бир боорум деп жумалап бир жүрүп калабыз. Эрмек Турсунов, Канат Торебай, Дарежан Омербаев деги койчу жүздөгөн кыргызга ак жүрөгү менен күйгөн улуу казак инсандары менен ымалалаш досмун.

Болгону ушул Эрман Жүрсүндун жүрөгү агарбады. Тапкан сөзүн карасаң: «300 000 теӊге бул кыргыздарга чоӊ акча гой» деп. Кеп ошол акчада бекен, кеп акындын көӊүлүндө го. Кеп абийир менен ар-намыста экенин ушунча жылдары түшүнбөгөндөн кийин мындан кийин деле түшүнбөй калдыӊыз го де ойлойм. Акындар эки элди бириктирип, эӊ алды ынтымак деген улуу ойду алып жүрүш керек деген вазийпасын бир ууч тыйын бергенине менменсинип, ылайга оонатып, жарыктык киши бул жолу да бүтүн нерсени жарып берипсиз. Мындан кийин да оӊолбойт окшойсуз, ошону үчүн жазып жатам. Эгемендүү тарыхыбызда эки бир тууган элди бөлүп жарып жүргөн инсандар ким болгон десе мен тайманбай биринчи катарга сизди кошот элем. Эгер берген тыйыныныз көп болуп көрүнсө счётуӊузду салып жиберсеӊиз болот, Айтыш фондунан которуп коём эки эсе кылып, бүтпөгөн тешигиӊиз болсо жаап алыӊыз, тек гана кыргыздын ар намысы акча менен гана чектелбесин билип жүрсөӊүз болгону.

Сиз ушул махинацияларыныз менен казак акындарын деле омогун ойрон кылып аласыз го деп болжодум.

Учурдан пайдаланып кыргыз акындарына кайрылаар элем, эгерде ушул каада-салтты, кадыр-баркты, дөөлөттү сыйлап кадырлабаган Эрман Жүрсүн чакырса барбай эле койгулачы алтындарым. Баары бир ал киши силердин кадырыӊарга жетпейт, өзүбүздүн акыйкат, адил, калыс айтышыбызды өткөзүп эле эки бир тууган элдин ынтымагын чыӊалта берели.

Булак: Багыт