Домой Маек Садык Шер-Нияз: Кайсы бир тармакты көтөрөөрдөн мурун алгач акыйкат чөйрө түзүү зарыл

Садык Шер-Нияз: Кайсы бир тармакты көтөрөөрдөн мурун алгач акыйкат чөйрө түзүү зарыл

116

Садык Шер-Нияз

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо оюнча комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз менен маек.

— Садык мырза, быйылкы жыл президенттин жарлыгы менен “Маданият жана тарых” жылы деп жарыяланып, ага карата көптөгөн иш-чаралар демилгеленүүдө. Анын баары болбосо да, бир тобу кагаз жүзүндө же айтылган боюнча калып калбайбы?

— 20-25 жылдан бери маданиятка жакшы көңүл бурбай келдик да, анын айынан мекендештерибиздин көбүнүн жан дүйнөсүндө руханий боштук жаралды. Бүгүнкү күндө 15-20дагы балдардан Чынгыз Айтматов, Саякбай ким деп сурасаңыз көбү билишпейт. Аалы Токомбаев, Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев дегендерди айтпай эле коөлу. Көкүрөгү көр адамдар мамлекетке, элге да жардам берип кыйратпайт. Кудайга шүгүр, акыркы 10-15 жылда манасчылык өнөр, төкмөлүк өнөр, кино өнөрү бир топ жанданып калды.

Эми биз Кудай буйруса, театрларды жанданталы деп жатабыз. Акыркы жылдары аларга киши барбай калган да. Азыр болсо акырындык менен театрлар толо баштады. Мына жакында эле Опера жана балет театрына кирүүгө кээде билет табылбай калып жатат, керек болсо театрдын директорунан бир-эки билет алып коюуну өзүм суранып жатам. Бул дагы жакшы көрүнүш. Кыргыз драма театрында жакында Марат Козукеев “Саманчынын жолун” 3 жолу койду, эл батпай көчөдө калды. Аз күндөн кийин 4-жолу коюлганы турат. “Театрлар таймашы” да жакшы деңгээлде өттү. Экинчиси дагы жакында болот, менимче ага да эл батпай калат болуш керек. Мунун баары театрды көтөрүүгө жасалган аракеттер. Мындай аракеттерди дагы да көтөрүү зарыл. Негизи эле бир нерсени көтөрүү керек болсо, биринчи акыйкат чөйрө түзүү абзел. Мисалы, аймактардагы театрды айтпай, борбордогу театрларды айтабыз. Бирок, аймактардагы театрлардын кандай иштеп жатканына кызыкпайбыз. Ошон үчүн, алардын жакшы иштеп жаткандыгын көрсөткөн механизмдерин аныктап коюшубуз керек. Биринчи критерий — спектакль, экинчиси — анын сапаты, үчүнчүсү — элдин келиши, төртүнчүсү — ошол спектаклдин мыкты фестивалдарга барышы. Спектаклдердин да сапатына жараша биринчи, экинчи, үчүнчү категорияга бөлүп коюуну чечтик. Айтор, бул жаатта керектүү нерселердин баарын камтып, негизги механизмдерин иштеп чыктык. Эми мындан ары кайсы театрлар мыкты иштеп жатканын компьютер аркылуу эле аныктап алабыз.

— Мындай иштердин көбү каражатка такалчу эле?

— Туура. Бирок, мамбюджетибиз 22 млрд. сом дефицит менен кабыл алынып жаткандан кийин, өкмөттү тытмалай берүүдөн майнап чыкпайт го. Андыктан  каражат маселесин айтпай эле, башка жолдор, башка ыкмалар менен иштейли деп турабыз. Мисалы, киного миллиарддаган акча бөлүнгөн жок да. Казактар киносуна бизден 100 эсе көп акча бөлүшөт, биздики аларга салыштырмалуу 100 эсе аз. Бирок, ошого карабай биздин кино дүйнөдө мыкты болуп кабыл алынып жатпайбы. Былтыр эле Эл аралык абдан абройлуу А тобундагы чоң фестивалга 5 кинобуз катышып келди. Демек, ушул азыр колдо бар каражат менен алыскы Кочкор, Баткендеги театрлардын мыкты экенин көрсөтө алабыз. Анан мыкты болгон театрларга акчаны арбын бөлө баштадык.

— Маданият абдан көп багыттарга бөлүнөт да. Композиторлор, сүрөтчүлөр ж.б. да бул жылы көп нерседен үмүт кылып турушканын жакшы билесиз…

— Көп учурда жаңы келген жетекчилер мен баарын көтөрөм деп ойлошот. Бирок, аз акча менен баарын көтөрүү мүмкүн эмес. Ага да болбой жетекчи энергиясын кетирип тытынып иштейт дагы, анан чарчай баштайт. Эл да көрөт жылыш жок экенин. Байкасаңыз, биздин аткаминерлер, министрлер кызматка келишкенде укмуштай шымаланып келишет, анан мүмкүнчүлүгүн көргөзүп, жыйынтык чыгара албагандан кийин, шалпая түшүшөт да, баягы эле эски жол менен кете береличи деп жумушка кайдыгер карай башташат. Андыктан бир четинен, бир багыттан көтөрүп башташ керек деп ойлойм. Мына ушул жылдарга чейин: манасчылык, кино, айтыш багыттары оңдолду, эми театр багытын оңдосок, ошентип жалпы маданияттын 30-40 пайызы оңолгон болот да. Анан кезекти композиторлорго, сүрөтчүлөргө берип, аларды да алдыга сүйрөп кетсе болот. Бул эми жүк көтөргөндөй эле да. Сиз чоң жүктүн баарын бир учурда көтөрө албайсыз, алыңызга жараша бөлүп-бөлүп көтөрөсүз, маданиятты көтөрүү дагы дал ушундай нерсе. А биз баарын бир кучактап көтөрүүгө аракет кылабыз да, белибизди мертинтип, духубуз түшүп калат. Кудай буйруса, маданиятыбызды жалпылап 5 жылда жакшы деңгээлге көтөрөбүз.

— Бүгүнкү күндө чыгармаларды иргөө үчүн күчтүү Көркөм кеңеш керек го. Өзгөчө үнү жоктор, ырынын мазмуну, обону да жоктордун баары эле ырдап эстраданы талкалап жатышканына сиз кыжалат болосузбу? Жан дүйнөнү байытмак түгүл, тескерисинче оорутуп жатат. Сиз азыр көчөдөн таш ыргытсаңыз, ошол ташыңыз сөзсүз бир ырчынын башына тийери бышык…

— Сиздин сөзүңүздө бир чети калет жок. Бирок, кандайдыр бир жолдор менен тыюу салуу экономикалык талаптарга, шарттарга, демократиялык негиздерге шайкеш келбейт. Андыктан жаман менен жакшыны иргөө элдин сынында болуш керек. Эстрада ырчылары же башкаларын конкурс менен тандап алсак болот. Демөөрчүлөр менен, Маданият министрлиги менен биргелешип жакшы байге коюп, жандуу үн менен чоң конкурстарды байма-бай өткөрсө, ошол жерден мыктылар иргелип, үнү жоктор кыпындай учуп же кумга сиңген суудай жок болот.

— Сиз азыр парламентте көйгөйү көп, өтө оор комитетти башкарып жатасыз. Маданият тармагынын деңгээлин көтөрө турган кандай мыйзамдар демилгеленип жатат? Себеби, жакшы мыйзамдар болбосо алдыга жылуу болбойт да…

— Натыйжалуу болот делген, маданият тармагына абдан керек деп эсептелген 6-7 мыйзамдарды кыскача айтайын. Мисалы, сатып алуулар боюнча же чыгармачыл тараптарга да тендер өткөрүү боюнча мыйзам бар. Бул эми нонсенс да. Себеби, ал тендер чыгармачылыкка тоскоолдук жаратат экен. Бир мисал келтирейин.  “Курманжан датканын” сценарийинде жолборсту тартуу жок болчу. Анан биз Алайга барып эл менен 5 жерде жолугушуу болду, баарында тең жолборсту сөз кылышты, ошондо мен киного жолборсту кошууну чечтим, аны Россиядан алып келип, багып, башка чыгымдарына кеткен 1 млн. сомго кайыл болдук. Ал кезде бул мыйзам иштей элек болчу. Ишибиз шар кетти. Эгер бул мыйзам иштеп калганда, ал киного жолборс кирбей калмак, анткени кино деген күтпөйт да. Тендер өткөрүүнүн машакаты, мөөнөтү узун болуп кетерин жакшы билесиз. Ошон үчүн тендер маселесин чыгармачыл тараптарга жолотпой эле койгонубуз оң. Буйруса, бул мыйзамды биз жокко чыгарабыз. Билим берүү министрлиги: “ЖОЖдордун ректорлугуна бир гана илимдин кандидаты же илимдин доктору болсун” — деген мыйзамды демилгелеп чыгышыптыр.Бул да болбойт. Такыр туура эмес түшүнүк. Эмне, ЖОЖду илим менен алектенгендер эле жетектей алат деген кайсыл жерде түшүнүк бар экен. Ошол тармакты терең түшүнгөн, акылдуу, кадыр-барктуу инсандар деле мыкты жетектеп жатышпайбы. Мисалы, Муратбек Бегалиев 22-23 жылдын ичинде Улуттук консерваторияны өзү түптөп, абдан жакшы деңгээлге көтөрүп койду. Бүт эмгегинин баарын ошол окуу жайга сарптап жатат. Анан аны илимдин кандидаты эмес экенсиң деп алып салса жакшы болобу. Ошон үчүн бул мыйзам да түп-тамырынан бери туура эмес. Бул мыйзамды жокко чыгарып жатабыз. Буйруса, колдоого алынат, катуу күрөшүп жатабыз. Бул мыйзам өткөн жумада 1-окууда кабыл алынды. Мындан башка, маданий мекемелерди ижарага беришсе, анын 30 пайызын Мүлк фондусу алып коюп жатышат. Мен Мүлк фондусу тийишпесин, ижарадан түшкөн 100 пайыз акча ошол маданий мекемеде калсын да, анын керегине жумшалсын деп сунуштап жатам. Ансыз да маданий мекемелер талкаланып жатпайбы. Өткөндө катуу чыркырашып жатып, 1-окууда калтырганбыз, жакында 2-окууда дагы чыркырашабыз го.

— Социалдык маселе боюнча, өзгөчө саламаттык сактоо тармагында көйгөйлөр көп эмеспи. Бул тармакты жакшыртууга кандай аракеттер көрүлүүдө?

— Сиз айткандай саламаттык сактоо тармагында көйгөйлөр чачтан көп. Мен бир эле мисалды кыска айтып берейин. Менин жүрөгүмдү өйүгөн маселе – бул бөйрөк иштебей калганда аны дарылоо үчүн 2 күн сайын 7 миң сом коротуп, гемодиализге жатышкан мекендештерибиздин тагдыры. Алардын саны 2 миң экен. Өкмөт 500 адамды бекер дарылоого аракет кылышыптыр. Ага да, талаш менен, кезек менен. Калган 1500 адамчы? Мен аларга жолуктум. Көбү бүгүнкү күнгө чейин колунда бар мыдырын бүт сатып, олтуруп калышыптыр. Ошол 2 миң адамды бекер дарылап, керектүү аппараттарды алууга ж.б. чыгымдарга 1 млрд. сомго жакын акча керек экен. Мына ушул акчаны өкмөт кандай болгон күндө да бөлүшү керек деп жатам. Өкмөт ал акчаны бөлүп берсе, бир жерде 10 чакырым жол, дагы бир-эки жерде мектептер салынбай калат чыгар. Бирок, кийинки жылы салынат, ал маселе күтүп турат. Ал эми оор тагдырдагы мекендештерибиз күтө албайт, аларды өз убагында сактап, кам көрүшүбүз абзел. Биз толук кандуу мамлекетпиз, андыктан жарандарыбызга кам көрөлү.

— Абдан керектүү маселени козгоп жатыптырсыз. Эми сөз соңунда маегибиздин шорпосуна “туз” салып коөлу, саясаттан бир суроо узатып. Элге абдан кызык. Сиз бир фракцияда, бир партияда абдан жакшы “досуңуз” Каныбек Иманалиев менен кантип иштешип жатасыз? Лидериңер Өмүрбек Текебаевге, “мени танда, же Иманалиевди танда” — деп шарт койгонуңуз тар чөйрөдө кызуу айтылды эле. Же депутат болгондон кийин анын баары унутулабы?

— Ал киши менен бизде тирешүү бар болчу. Ал тирешүү баягы мен министр болуп шайланып жатканда, Каныбек мырза менин министр болбой калышыма чоң роль ойногон. Аны өзү деле моюнга алат болуш керек. Болгону ошол. Башка пикир келишпестик жок. Ошондой келишпестик болду деп такыр эле бет карашпай калсак болбойт го. Мен азыр 120 депутаттын ичинде маданиятты жакшы түшүнгөндөргө абдан муктажмын. Кээ бир депутаттар мүмкүн менден тажап бүтүштү, себеби жолуккан жерде маданиятты эле какшап жатсам… Иманалиев маданиятты түшүнөт, бул боюнча көз карашыбыз төп келет дегендей. Ал эми сиз айткандай, Текебаевге мындай шартты кантип коө алам?! Андай болгон эмес. Мен бул партияга сырттан келдим да. Агамдын да түрткүсү болуп калды.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев