Домой Аналитика Саат 14.00. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү 20%ды түздү

Саат 14.00. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү 20%ды түздү

4

Бүгүн 11-апрелде саат 14.00гө карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 674 адам 419 адам добуш берди.

Шаардык кеңештерге шайлоого 200 миң 367 адам добуш берди. Айылдык кеңештерге — 474 052 шайлоочу добушун берди. Бул жалпы шайлоочулардын 20,33 пайызын түзөт.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат.

Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Булак: maralfm.kg