Өткөн жылы болуп өткөн парламенттик шайлоонун алдында “баш кошкон” Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясынын “никеси” туруктуу болбой, акыры ажырашып тынышып, экөө эки башка жолго түшкөнүн жалпы коомчулук жакшы билет. Бирок, эл бул эки партияны ажырашууга алып келген негизиги себептерин жакшы билбейт. Андыктан бул маселеге журналисттик иликтөө жүргүзүп, анык-бышыгын ачыктап коюуну эп көрүп турабыз. Эмесе, эл дагы бул эки саясатчынын кимисинен көбүрөөк күнөө кетип, кимиси ак никеге кара санаганын, кимиси кимисинин көзүнө чөп салганын билип алышы абзел.
“Эмгек” партиясы түзүлгөндө эле азыркы бийликке жан тартып түзүлгөнү жалпы коомчулукка жакшы маалым. Бирок, айрым бийликчил партияларга окшоп, бийлик менен анчалык коюн-колтукташып кеткен жери жок. Ошентип, 2015-жылы парламенттик шайлоо жакындаган сайын өзүнчө партия болуп, амбициясына ээ боло албаган саясатчы, лидерлер айласыздан, башка партиялар менен баш кошуп, күчтүү партия болууну, артынан калың электорат ээрчитүүнү негизги максат кылышты. Андай партиялардын катарында капчыгы ого эле калың Салымбековдун “Эмгеги” турду. Айтмакчы, Салымбеков эчак эле партия түзүп чыгуу идеясы болгону менен, ал маселени негедир артка жылдырып жүрө берген. Анын мындай чечкинсиздигине нааразы болгон ишенимдүү достору, партияны ылдамдатып түзүүнү сунуштап, шаштырып турган маалда, Аскар мырзаны бийликтин билермандары чакырып, “партия түзүп чыксаңыз, бир болобуз, колдойбуз, алдыга сүйрөйбүз” — дешип шыкактап дем беришет.
Ошентип, ишеничтүү күчтөр менен сүйлөшүп сүйүнүп калган Салымбеков тегерегине өзү ишенген адамдарды топтойт. Алардын ана башында илгертен ишенимдүү досу, көп маселелер боюнча туура кеңештерди берип жүргөн Нарынбек Молдобаев турганын эл эң сонун билет.
Төрөбаевдин амбициясы Аскар мырзаны чоочутуп…
Бул адамдан кийин эле 2001-2005-жылдары Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамкомитеттин төрагасы болгон Өкмөтбек Алмакүчүков, Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты, ишкер Бегалиев Болот сыяктуу инсандар топтоло баштайт. Бирок, Алмакүчүковду Аскар мырза кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип, оолактатып коёт. Бегалиев болсо өзүн өтө акылдуу көрсөтүп, “асманды” сүйлөгөндө ага да “Эмгектин” эшигин жаап салат. Андан кийин “атажуртчу” Улан Чолпонбаев баш бакты эле, аны да жолотподу. Ак үйдөгү телефон чалуулар менен “мыёолоп” ырдап келген Ибрагим Жунусов партиянын тизмесинин алды жагына тизилгени менен, “ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт” болуп шайлоого жетпей эле ажонун батасын алып, деңгээли ченелүү болсо да Түркияга элчи болуп кетет. Андан кийин түштүктөн экс-губернатор Мамат Айбалаев кошулуп, бирок анын да бул партиядан жолу болбой калат. Мамат аксакал: “Ошту биз жакшы билебиз, ал жерге койгон балдарыңарды эл сыйлабайт, андан көрө силер күчтүү партияларга кошулгула” — деген сындуу пикирлерди айтканы менен, өзү аңгыча, “Өнүгүү-Прогресстин” атасы Төрөбаев “Эмгекке” кошулуу ниетин билдирип, кысыр эмди тай сойдуруп, “Алтын ажыдаар” ресторанына өзү 20 киши менен, Аскар мырзаны 20 киши менен чакырып, сүйлөшүү жүргүзөт. Эки партиядан иш-комиссия түзүлүп, ал комиссияда Молдобаев менен Шайназаров болот. Андан кийин Салымбековдор “өнүгүүчүлөрдү” сойчусун союп Кой-Таштагы кафе-мейманканасына чакырып сыйлашат. Төрөбаевдин талабы мындай болот: “30 мандат алсак, анын 12си силердики, калган 18си биздики болсун” деген талап коюп, “эмгекчилерди” бир топ кемсинтип коёт. Ошентсе да, “эмгекчилер” макул болушат, ишенимдүү маалыматтар боюнча ал кезде Салымбековдун партиясына киребиз деген 25 талапкер 250 миң доллардан камдап, даяр турган экен. Бирок, “Өнүгүүгө” кошулгандан кийин тизме өзгөрүп, ал 250 миң долларлык талапкерлердин айрымдары багытын башка жакка буруп башташат. Кийинки жолугушууларда Төрөбаев: “Негизги 20 талапкер болсун, анын 14ү биздики, алтоо силердики болсун. Анан Нарындан биздин киши биринчи болушу керек. Жалал-Абадга силердин бир кишини биринчи кылалы” — деген талапты айтканда, “эмгекчилердин” эси ооп, аз жерден жыгыла жаздашат да, ошону менен “никелешүү” болбой калат. Бул жерден Нарындан чыгып жаткан негизги талапкерлер тарс жарылып, Салымбековду тереңдетип айнытышып, “Өнүгүүгө” эмес, башка партияга кошулуу маселесин караштырышат.
“Бир Бол” менен бирикпеген жол, “Кыргызстан” менен кыйгач кетип…
Ал ортодо Алтынбек Сулаймановдун “Бир Бол” партиясы “Эмгекке” кошулуу үчүн 4-5 ирет сунуш кылат, акыры сүйлөшүүлөр жүрүп, бир топ нерселер макулдашылып, шайлоого бирге аттанмак болуп турушканда, “бирболчулар” Игорь Чудинов менен Жаныбек Бакчиев башка талаптарды коюп, чыгып кетишет. Бул эки окшошкон эргулдар: “Түндүктөн биз биринчи болушубуз керек, Мыктыбек Абдылдаев менен Акылбек Жапаровду кошолу” — деген сындуу талаптарды айтышат. Бул талаптар “эмгекчилерге” жакпай калат. Май айынын башында Адахан Мадумаровдун Сооронбаев деген чабарман жигити “Эмгек” менен “Бүтүн Кыргызстанды” кошуу ниетин билдирип келет. Арадан 5 күн өтпөй “Кыргызстан” партиясынын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов Аскар Салымбековго партияларды кошуу демилгесин айтып калат…
Гезитибиздин эмки санында “саанчы жеңе” Мудумаровдун “Эмгек” партиясындагыларды жана Салымбековдун өзүн кантип саап, канча пайда көргөнүн, партияга канча миң сом кошуп, кайра ортодогу казынадан канча миллион сом жегенин, кимдер нааразы болуп, өзгөчө пикир айткандарын, никенин бузулушун толук окуй аласыздар…
(Уландысы кийинки санда)
Айбек Шамшыкеев