Домой Саясат Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Сентябрь” телеканалынын жабылышын шайлоо алдында саясатташтырып жиберди”

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Сентябрь” телеканалынын жабылышын шайлоо алдында саясатташтырып жиберди”

73

maxresdefault (1)

“Сентябрь” телеканалынын жабылышын саясатташтырбоо керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

cheap generic.uk. “Менин оюмча бул маселе алдыдагы президенттик шайлоого карата саясатташтырылып жатат. Көптөр шайлоо астында аны менен пиар жасагысы келип жатат. Анткени, бийлик оппозициялык телеканалды жаап салды деп айтып коюу оңой. Бирок, “Сентябрь” НТС, ЭЛТР, КТРК сыяктуу ММК эмес. Анын кылып жаткан иши башка”, — дейт эл өкүлү.

Р.Момбеков Курманбек Бакиевдин тушунда бир топ маалымат каражаттары жабылганын эске салды. “Менин эсимде, ал кезде  “Асаба”, “Агым”, “Республика”, “Де-факто” сыяктуу ММКларды жапкан. Бул окуяда ызы-чуу деле чыккан эмес. Ошондо азыр кыйкырып жаткан саясатчылар кайда эле? Сот болсо алардын айыбын айтты, каналдын ээлери моюндарына алды, демек алар ММК мыйзамын бузган”, — дейт Момбеков.

Эл өкүлү “Сентябрь” телеканалына райондук соттун гана чечими чыкканын белгилеп, талаптар нааразы болсо жогорко инстанцияга кайрылса болорун эске салды.