— УКМК жарандык Афтандил Жробековду социалдык тармактагы посту үчүн эки айга камакка алды. Бул бийликке катуу сын айткан жарандык активсттерге
эскертүүбү?
-Бул сөз эркиндигине болгон чабуул. Коркутуу эмес, кол салуу. Маселен, коркутуу бул- эскертүү, эскертүү берүү, а бирок, эч кандай эскертүүсүз камакка алуу бул-кол салуу болуп саналат. Афтандил Жоробеков Facebook социалдык тармагындагы “БеспределКG” баракчасына гана администраторлук кылган. Демек,
бул баракча массалык маалымат каражатына кирбейт.Ошентсе да, социалдык тармакта 100 миңге жакын катталуучусу бар, мына ошол катталуучулардын бири менмин. Эл катары мен дагы “БеспределКG” баракчасына чыккан маалыматгарды окуп, анча-мынча керектүү маалыматтарды алып колдончумун. Демек, УКМК менин эле эмес, 100 миңге жакын катталуучунун маалыматка болгон укугун чектеп жатат.Экинчиден, Афтандил Жоробековду камакка алуудан мурда, баракчага чыккан макалада кандайдыр бир улут же аймак аралык кастыкты козутууга чакырган тексти ириде филологиялык -лингвисгикалык экспертиза жүргүзүү менен анын жыйынтыгынын негизинде гана кылмыш иши жүрмөк. Андай болгон жок да.Булар эч кандай экспертизанын корутундусу жок эле кылмыш ишин козгоп, эки айга камакка алышты. Бул аша чапкандык эмей эмне? Бу деген башаламандык, сөз эркиндине кол салгандык. Үчүнчүдөн, туура айтасың, булар Афтандил Жоробековду камакка алуу менен бийликке катуу сын айтып, эртеңки күнү митингге чыга турчу жарандык активисттерге эскертүү берип коюшту. Мунун баары эгер силер дагы ушундай ээн баштыкка барсаңар же кылсаңар, колуңарга кишен салына турганын унутпагыла деген эле кеп да.
Мен эмнеге күйүп жатам, анткени, мындай нерселер менин да башымдан өткөн. Сөзүм куру болбосун, 2010-жылдын 17-мартында борбор калаада оппозициялык маанайдагы чоң масштабдагы курултай өтмөк. Ошол кезде мен Бакиевдердин кландык башкаруу бийлигине каршы зитинин башкы редактору болчумун. Ошол кезде да мына ушундай мыйзамсыздыктар болгон. 17-мартта өтө турчу курултай боюнча гезитке макала чыккандан кийин, 15-мартта мага карата куугунтук башталган. Гезитибизди ошол эле күнү жаап салышты. Эсиңиздерде болсо,2010-жылы Евгений Гуреевич аттуу эл аралык “мошенник” канкор Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен Кыргызстанга келип, коррупциялык иштерге аралашып, керек болсо, мамлекеттик органдарды үстүнөн башкарып турганын массалык маалымат каражаттары жапырт жаза баштаган. Коомдо чоң резонанс жаратып,бийликтин беделине чоң сокку болгон. Бирок,бийлик тараптан эч кандай реакция болбой,тескерисинче, ошол эле “Азаттык”, “Би-Би-Си” каналдары жабылып, оппозициялык маанайдагы
“Форум”, “Ачык саясат”, “Назар”, “Алиби” гезиттери март айынан тарта өз ишин токтотууга мажбур болгон. Анткени, соттун чечими ошондой болгон. Өкүнүчтүүсү, бүгүн кудум эле ошол көрүнүш кайталанып жатат…
-Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов ЖЭБ чуусу боюнча президент Сооронбай Жээнбеков да жоопко тартылышы керектигин айтты. Кошуласызбы?
-Авария эски ЖЭБде болуп жатса, булар жаңы ЖЭБ боюнча кылмыш ишин козгоп жатышат. Мен ушул нерсени эч эле түшүнө албай, түшүндүрө да албай койдум. Менимче, президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын иниси Асылбек Жээнбековдун аты аталып жаткандан кийин, аларды дагы күбө катары чакырып коюшса болмок. Бул жерде эч кандай деле коркунуч жок го дейм. Мен эми Жогорку Кеңештин депутаты катары тергөөнүн ишине кийлигишип, комментарий бере албайм. Кандай болгон күндө да, тергөөнүн өзүнүн, турмуштун өзүнүн соту болот. Экөө эки башка. Ал эми акыреттеги Алланын соту таптакыр башка. Эгер бүгүн тергөөчүлөр тескери тергесе, эртең эле керт башы менен жооп беришет. Убакыт тараза…
Булак: Ачык саясат