Домой Коом ВИДЕО: Рыскелди Момбеков: “Апыртып айтсам атып салгыла, алып барып!…”

ВИДЕО: Рыскелди Момбеков: “Апыртып айтсам атып салгыла, алып барып!…”

156

ЖК депутаты Рыскелди Момбеков “17-апрелде Бакиев заманында, 2010-жылдын 7-апрелине чейин Кыргызстандын Ички иштер министри кызматын өтөгөн Молдомуса Конгантиев, Генпрокурор кызматын аркалаган Нурлан Турсункулов менен 7-апрелдеги куралдуу төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын маданият министри кызматын ээлеген, сөөгү да, эти да Атамбаевчил, КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков бир дасторкондо чоогу эс алып, артисттердин ырын маашырлана угуп олтурган тасма тарады”- деген маалыматга жооп берди.

“Мен Бакиевдин убагындагы эки генерал Молдомуса Конгантиев, Нурлан Турсункуловдор жөнүндө эки ооз сөз айтып кетейин. Генералдар менен чай ичип, чогуу тамактанып отурганымды танбайм.

Мени апрель баатыры болуп туруп, күнөөкөрлөр менен чогуу отурат деп моралдык жоопкерчилик кайда деген таризде сындаптыр. Эң ириде Бакиевдердин былыгы үчүн, ушул 5 генерал эле жаза алды. Мыйзам алдында, тарых алдында, алар өздөрүн актап коюшту. Булар Балкыбековдой болуп батышга качып кеткен жок, Жаныштай болуп токойго жашынып алган жок, булар Усеновдой болуп Урицкий болуп алган жок эркектик кылып моралдык жагынан да өздөрүнүн тазалыгын көрсөтүп, жазаларын өтөп чыгышты. Дагы бир жолу айтайын буларды эл алдында тарых таразалап, актап койду.”-деген ЖКнын депутаты өз сөзүндө.

Булак: Багыт