Домой Саясат “Рүстенбеков оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө эле уруш бүтүп калууда”

“Рүстенбеков оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө эле уруш бүтүп калууда”

5

Тажикстандагы элчибиз Жаныш Рүстенбековго коомчулуктун нааразычылыгы байкалды. Эки тарап ок атышып, жоготуулар болуп жатса эмнеге тымпыят?

Эмесе, бир мисалга токтололу. Эркиндик бульварында талаасын араң көтөргөн, коммунисттик идеологияга сугарылган чалдар отурат эмеспи. Кечээ ошолордун бирөө быкшып күлүп, “Рүстенбеков ордунан оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу бүтүп калып атпайбы. Ал Акаев доорунан бери эле ушундай, курсагы тойгон жердин ырын ырдай берет. Анан кантип Кыргызстандын чек арасына күймөк эле?” дейт.

Карап көрсөк, чын эле Жаныш Рүстенбеков эгемендүүлүк алган жылдардан тарта аттан түшпөй, улам келген президенттин тилин таап, эң болбоду дегенде кошуна өлкөлөргө элчи болуп келатат. Же кыйраткан иши болсочу? “Карааны бар, кадыры жок” дегендей, тыйынчалык да кыргыз элине пайда келтирбесе, анда Тажикстанда элчи болуп эмне отурат? Сыйы менен эле кетип калбайбы? 70ке чыкканда тил укпай…

Булак: Азия Ньюс