8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор өздөрү коррупцияга батып калганын айтып, жалпы күч органдарын катуу сынга алган. Парламенттеги оппозициялык “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев “Азаттык” үналгысына берген маегинде өлкө башчысын колдоп, катуу талаптар коюлганын билдирген. “Буга чейин жаңы шайланган президент Сооронбай Шарипович коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тапшырмаларды берген. Коррупция биздин коомдун бардык катмарына сиңип кеткен илдет болуп калды. Мамлекет үчүн биринчи көйгөй десем болот. Коррупция мамлекеттин саясий туруктуулугуна, экономикалык өнүгүүсүнө, чет өлкөлүк инвестициялардын келишине ж.б. тармактарга терс таасирин тийгизип жатат. Жылдан-жылга жыйындар өттү, мыйзамдар да жетиштүү. Жыйында мен мамлекет башчысы саясий эркин билдиреби деп күткөм. Аны мен уктум. Президент сот, укук коргоо, көзөмөл, фискалдык органдардын коррупция менен күрөшүүдөгү абалын, көйгөйлөрүн ачык айтты, натыйжасы боюнча көз карашын, сунуштарын ачык билдирди”, — дейт ал.
Ошондой эле Р.Казакбаев президенттин коррупцияга каршы саясий эрки бекем экенин белгилеп, Коргоо кеңешинин бул жыйыны бир топ айырмаланганын жогору баалаган. “Баарын жыйынтыктаганда президент “коррупция менен күрөшүүгө эрким жетет, саясий чечим бар” деп чоң жоопкерчиликти моюнуна алганын айтты. Кечээги жыйын ушунусу менен мурдагылардан айырмаланды десем болот”, — дейт ал.
Р.Казакбаев коррупцияга каршы күрөшүүдө мыйзам бузулары жетиштүү экенин билдирип, эми жалпы коомчулук паракорчулукка каршы турушу керектигин белгилеген. “Прокуратуранын кайсы бир бөлүгү коррупция менен аралашып кеткен деп айтсак болот. Коррупция менен күрөшүүгө президенттен баштап ар бир жаран, эми коркпой, чечкиндүү биргеликте иштесек жыйынтык чыгат. Ал эми УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызматка элдин ишеними абдан төмөндөдү. Ал жерде жакшы иштеп жаткан кызматкерлер да бар, бирок айрымдары ишкерлерди жашырууга өтүштү. Көп мыйзам бузуулар болду”, — дейт Казакбаев.