Домой Маек Руслан Казакбаев: Жакында өзүбүзчө жыйын кылабыз, анын баарын ошондо угасыңар

Руслан Казакбаев: Жакында өзүбүзчө жыйын кылабыз, анын баарын ошондо угасыңар

42

Руслан Казакбаев“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев менен маек.

— Руслан мырза, Темир Сариевдин өкмөт башчы катары 1 жылда аткарган иштерине канааттанасызбы?

— Кыргызстандагы өкмөт башчылардын тездик менен алмаша берген өнөкөтү “Гиннес китебине” кирейин деп калды окшойт. Ашып кетсе, 1 же 2 жылда ар түрдүү себептер менен кетип жатышат, мунун өзү туура эмес. Премьер-министрди программасы менен бекитип, жакшы үмүт менен бир кадам алдыга таштап, бирок кайра эле көп өтпөй аны иштетип-иштетпей айдап жиберип, эки кадам артка кадам таштап жатабыз десек болчудай. Темир Сариевге да жакшы ишеним артылган. Экономиканы, саясатты, каржы маселесин, бизнести да абдан жакшы билет. Чынын айтыш керек, колунан келишинче иштеди. Парламент менен, фракциялар менен жакшы иш алып барды.Бирок, анын дагы обүективдүү жана субүективдүү шарттары болду. Биринчиден: өкмөт кризиске каршы жеткиликтүү программа иштеп чыга алган жок. Мисалы, бул маселеге Казакстан, Орусия өз учурунда тиешелүү программаны иштеп чыгышкан. Биздин премьер кризиске каршы программабыз бар дегени менен, аны элге, Жогорку Кеңешке ачык алып чыкса болмок. Айтор, мен программасын көргөн жокмун, башка депутаттардын көргөнүнөн да күмөн санайм. Өткөн айда көпчүлүк коалицияга келип, 82 багыттан турган программасын көрсөткөнү менен, ал да бекитилген жок. Көпчүлүк коалиция дагы көп сын пикирлерди айтышып, артка кайтарышты. Демек, бул маселеден биз кечигип калдык. Бардык тармактар боюнча чечкиндүү кадамдар, чечкиндүү реформалар керек. Бул маселеде жаңы нерсени ойлоп табыштын кереги жок. Тилекке каршы, менин көз карашымда көп багыттар боюнча чечкиндүү реформалар ишке ашкан жок. Албетте, жалгыз премьер-министрди күнөөлөгөн болбойт. Биринчиден: дүйнөлүк кризис, экинчиден команда маселеси да талапка жооп бербей калды окшойт. Ошондой болсо да, тышкы экономикалык жана соода мамилелерин күчөтүп, инвестиция тартуу маселесине терең көңүл буруп, жеткиликтүү изденүүлөрдү кылса жакшы болмок. Бул маселе боюнча жалгыз эле президент иштеп жатат десе болот. Өкмөт өз прграммасынын жок болгондугуна байланыштуу, 2013-2017 жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизинде гана иш алып барып жатат.  Себеби, бул стратегияны жүзөгө ашыруу Президент аппаратынын көзөмөлүндө. Өкмөт башчы тарабынан Жогорку Кеңешке өз программасы жана ал боюнча аткарылган иштер боюнча эч  маалымат берген жок.

— Сиз Бюджет комитетинин мүчөсү катары мамбюджеттеги чоң дефицит боюнча кандай пикир айтасыз?

— Бюджет боюнча жакшы деңгээлге чыгарып жасай турган реформалык иштер бар. Өткөн жылы мамбюджетте  22 млрд. дефицит болгон, бирок акырында ал 16 миллиардга түшүп кыскарган. Быйыл дагы 22-24 млрд. сом дефицит менен бекитилди. Эсептөө палатасы 33 мыйзам бузууну тапканына карабай, өкмөт башчысы ар кандай себептерди айтып, суранып олтуруп, 3 окуудан тең өткөзүп алды. Биздин фракция кемчиликтерди жакшы эле айттык. 33 мыйзам бузуу дегенибиз, 2013-жылга салыштырмалуу 8 эсе көбөйгөн, 2015-жыл болсо али текшерилип бүтө элек. Бирок, буга карабастан бюджеттин баарын бекитип салышты, биздин фракция каршы добуш бердик. Мунун жүйөөлүү себептери бар. Азыркы күндө тышкы карызыбыз ИДПга карата 68 пайызга жетип, 3 млрд. 800 млн. долларды чапчыды. Эксперттер, тиешелүү адистер жылдын аягына чейин дагы 400 млн. доллар насыя-грант алабыз деп жатышат. Демек, бул деген тышкы карызыбыздын көлөмү ИДПга салыштырганда 70-75 пайызга көтөрүлөт дегенди билдирет да. Эгер керектүү мыйзамды оңдобосок, андай мыйзамдардын кереги барбы? Бул маселе да фракция лидерлери тарабынан айтылган, бирок мыйзам долбоору бүгүнкү күнгө чейин келген жок.

— Мындан тышкары, «Бюджеттик кодексти» кабыл алуу маселесине каршы чыктыңыз, негизги себептерин айтып берсеңиз?

— Жүйөөлүү себептери албетте, бар. Биз жакында кабыл алган «Бюджеттик кодексти» Орусия, Белорусия, Казакстан 1993-2007-жылдарга чейин эле кабыл алып коюшкан. Ушул жылдары өзгөртүүлөрдү киргизип гана, бюджет маселесин туруктуу, түшүнүктүү системага келтирип алышты. Биздин «Бюджеттик кодекс» боюнча мыйзамыбыз 3 жыл мурун дайын болгону менен, аны кабыл албай келишкен. Себептери мындай, ал кодексти сыртынан караганда көп коррупциялык системалар, схемалар бар. Муну негизинен далилдеш керек. Бирок, андай схемалар Каржы министрлигинеби, Салык же Бажы кызматынабы, айтор бирөөлөргө акча жасаганга ыңгайлуу шарт түзүп берет экен. Ошондуктан кабыл албай келишкен деп ойлойм. Азыркы оңдолду деген кодексте деле мандем бар. Маселен, Каржы министрлигинин алдында Байкоочу кеңеш бар. Анын төрагасы Эрлан Сатыбеков: “Коррупциянын элементтери толтура болгон «Бюджеттик кодекс» кабыл алынып жатат”, -деп айтып, каршы чыкты. Андан кийин, биз комитетке, Темир Сариевге кат жазып жатып, бир айга токтотконбуз. Бул маселе боюнча Коргоо кеңеши да ошол бойдон өзүнүн эскертүүлөрүн алган жок. Жыйынтыгында жарымы оңдолсо, жарымы оңолбостон кабыл алынды. Көптөгөн мекемелердин, бир катар депутаттардын айткан жүйөөлүү кептери, сунуштары эске алынбай калды. Шашылыш түрдө Дүйнөлүк банк 26 млн. доллар бергени жатат, кодексти кабыл алып, анан ал акчаны алып калалы деген жүйөөнү бетине кармашты. Кыязы, аталган банк ушундай шарт койсо керек. Негизи, алар деле ушунча жылдан бери күтүп жатышты да. Өкмөт 15 жылдан бери, кабыл алынбаган кодексти созуп, кармап олтуруп, Дүйнөлүк банк менен болгон келишимдин бүтөрүнө 1 жума калганда алып келип жатышат, бул эми атайы пландалган иш да.

— Эми кабыл алынып калды да, жыйынтыгы эмне болот?

— Мыйзамга 6 айдан кийин өзгөртүү киргизип, кайра толуктап оңдосок болот деп жатышат. Бирок, биздин системада кабыл алынып калган бир чоң мыйзамга оңой менен кайра оңдоо киргизилбейт. Унутулуп калат. Ошентсе да бул маселени биз өз көзөмөлүбүзгө алып, аягына чейин чыгабыз деген оюбуз бар. Азыр бул маселе боюнча Президентке кат дайындап жатам. Сентябрь айына чейин бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча өз сунуштарыбызды да даярдайбыз.

— Өмүрбек Текебаевдин: “Парламенттеги оппозициялык фракциялар өз милдеттерин аткара албай жатышат, ошон үчүн алардын ролу көбүнчө көчө оппозицияга ооп жатат”, -деп айтканына кошуласызбы?

— Оппозициянын эң негизги эки түрү бар да. Система ичиндеги, система сыртындагы, радикалдуу оппозиция жана конструктивдүү оппозиция. Биздин фракция парламентте, так айтканда система ичиндеги конструктивдүү оппозиция болуп эсептелет. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай маанайдагы оппозиция коомго анча жакпайт. Көпчүлүк оппозиция десе, сөзсүз бийликти кулатууга, кетсин деген сөзгө басым жасагандарды түшүнөт. Мен Өмүрбек Чиркешовичтин бул пикирине кошула албайм. Ал оппозиция маселесинде абдан такшалган инсан. Туура, азыр биз Өмүрбек Чиркешович баштаган ошол кездеги оппозиционерлер жүргөн мезгилиндей деңгээлге жете албай жатсак керек. Бирок, ал кез менен, азыркы кезди салыштырып болбойт да. Демек, андай деңгээлге жетип да кереги жок. 2010-жылдан кийин көп нерсе өзгөрбөдүбү. Кемчиликтер, көйгөйлөр дале болсо көп. Эң негизгиси, азыр бизде, бийликте мыйзамдын үстөмдүгү жакшы орнобой жатат, мына ушул маселеге баарыбыз абдан жакшы көңүл бурушубуз абзел. Биз оппозиция катары өз оюбузду, сунушубузду бардык маселеде ачык айтып жатабыз. Бирок, көпчүлүк коалиция оппозицияга тиешелүү эки комитетти тең чу дегенде эле “Бир Болго” берип койду, экинчиси, сиз КТРКдан биздин фракциянын бир депутаты сын пикир айтып жатканын көрдүңүз беле? Жок албетте, анткени КТРК биздин депутаттарды камеранын алдына туруп алып сүйлөсө да, аны эфирден көрсөтпөйт.

— Өзүңөрдүн НТСиңер бар да…

— Туура,  бирок бул такыр башка маселе да (күлүп).

— Сиздер көчө оппозициясынын идеясын колдобойсуңар, бирок силердин санаалашыңар, дагы бир лидериңер Ташиев алар менен жакындашып жүргөнүн четке какпайсыз да?

— Бул маселе Камчыбек Кадыршаевичтин жеке чечими болуп жатат. Анткени, ар кандай зарыл маселе боюнча өз пикирин билдирип жүрөт. Жакында болгон жергиликтүү шайлоо боюнча эки лидер сүйлөшүп, бир чечимге келип, “Ата Журт” партиясы Ош шаары боюнча шайлоого өзүнчө барышты. Тилекке каршы, биздин санаалаштарыбыз ал жактан жеңишке жете албай калышты.

— Шайлоого өзүнчө баруу кадамдары акыры эки партиянын бөлүнүп кетишине шарт түзүшү мүмкүн да. Деги эле, коомдо бул эки партия узак жылдар бою бир түтүн булатып, жашай албайт деген пикирлер абдан көп…

— Бул маселе боюнча суроолор көп берилип жатат. Юридикалык жактан “Республика-Ата Журт” жаңы партия. Мурунку “Ата Журт” да юридикалык жактан өзүнчө катталган. Камчыбек Ташиев азыр биздин тең төрагабыз. Ажырашуу, келсин, кетсин деген сөздөр болгон жок. Шайлоолор бүтүп, жыйынтыкталып жатат. Жакынкы күндөрү биз да жай олтуруп, өзүбүзчө жыйын кылабыз, кандай кеп болот, анын баарын ошондо угасыңар.

— Жакынкы келечекте ажырым болуп кетиши турган иш десек аша чапкандык болбос…

— Эми саясатты убакыт көрсөтөт да. Азыр бир беткей айтуу туура эмес.

— Силердин фракция мандат маселесинде бир топ талапкерлерди ары-бери чайкады. Бул маселе жакында дагы кайталанары айтылууда. Зарылбек Рысалиевди алып келүү үчүн, тизмеде өзгөрүү болору чынбы?

— Жалгыз эле Зарылбек Рысалиев мырза эмес, азыр өз кезектерин андан башка да, Токтогул районунан — Тотонов Нурбек, Өзгөн районунан — Келдибаев Сагын, Оштон — Арзыбек мырза, Бишкектен — Маматалиев Марлен деген сыяктуу жигиттер, дагы да Кыргызстандын ар жеринен күтүп турушат. Тилекке каршы, соттун чечими менен 5 адам фракцияга кирип калышты, бул балдар да иштешкен, азыр ынтымакта. Бирок, жогоруда аттары аталгандар булардан көп добуш алган болчу, биринчи кезекте ошолор келиши керек эле. Кезекте тургандарга азыр депутат болуп жүргөндөрдүн айрымдары, “мүмкүн, убагы келгенде, өз ара келишип алып,  ордубузду бошотуп беребиз”, — деп жатышат. Бул маселе боюнча өзүбүздүн ичибизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев