Домой Саясат Роза Отунбаеванын бир тууган иниси Болот Отунбаев Орусияга элчи болот

Роза Отунбаеванын бир тууган иниси Болот Отунбаев Орусияга элчи болот

50

Болот ОтунбаевГерманияда элчи болуп, бир топ мактоолорго арзыган экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси Болот Отунбаев жакынкы күндөрү Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу жана толук кандуу элчиси болгону турат. Бул маселени кечээ күнү Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети карады. Аны бул кызматка отургузуу процедуралык иштер менен көпкө созулуп кеткендей болду. Боке мырза, шайлоодо КСДПнын штабын ойдогудай жетектеп, ЖКга партиядан 37 депутатты “өндүрүп” чыгаргандан кийин, ага чоң шефтер тарабынан Мамлекеттик кадр кызматы сыяктуу үлкөн кызматтар сунушталган. Бирок, “Кыргызстан менен Орусиянын алакасын мындан да катуу бекемдейт” деген ишенич менен элчилик мөөнөтү бүткөн Болот Жунусовдун ордуна алып баруу маселеси Ак үйдүн 7-кабатында эчак эле чечилген болчу. Баса, ушул күнү Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинде Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогуловдун отчёту жабык эшик артында өттү. Кыязы, элге айтпай турган сырлар бар окшобойбу…