Блогер Сыймык Жапыкеев Кыргызстандагы миллиардер, миллионерлердин тизмегин коомчулукка ачык тизмектеп айтып чыкты.
“Мобу Жумалиевди каматалы, экинчи Сарпашев турат, Сарпашев андан эч кем калбаган киши, такыр кем калбаган киши, үчүнчү Пирматов Исхак турат. Азыр Пирматовдун бүт досьелерин балдары текшерип жатышат. “Укук коргоо органдарынын кызматкерлери эч качан мурунку болбойт, алар текшерип жатышат. Пирматовдун байлыгы да укмуш. Мага өзү жазып жибериптир “Эмне кылып жатасың?” деп, айттым: “эмне, сизден сурап бирдеме кылайынбы?” деп. “Коркутпа!” дедим. Жалпысынан бул үчөөсү, азыр төртүнчү, бешинчисин айтсам, башты кесип кетчүдөй…”, – деди Сыймык Жапыкеев.
Жапыкеев өзүнүн билдирүүсү менен талкууга жем таштады. Интернет колдонуучулар: «Жумалиев өмүр бою мамлекеттик кызматтарды аркалап келет. Чынында эле бир күн да бизнесмен болбой туруп ушунча байлыкты кайдан тапты?»-деген суроону беришүүдө.
Экс-прокурор Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсүнө Кубанычбек Жумалиевдин жубайы, Роза Аманова “коом press” сайтына коментарий берип жатып төмөнкүдөй пикирин билдирген:
“Сыймык Жапыкеев аттуу жигит биздин үй-бүлөгө болуп көрбөгөндөй каралоону уюштурууда. Анын артындагы дирижеру ким экендиги дагы ачыкталаар. Эсине келээр десек, эми мени жок кылганы жатышат деп чыгыптыр. Өзү жакшы кеңеш берип жатат, сотко бериш керек деп, дайым эле “бийик” боло бербей, укуктук талаада ал жигит менен сүйлөшүш керек окшойт. Айткандарынын баарын далилдейт деп ойлойм. Өзү мурда прокурор болуп иштептир. Демек, мыйзамдуу жол, адам укугу, жалаа жабуу боюнча кандай жаза колдонулаарын эң жакшы билет деп ойлойм”.
Булак: Багыт