Домой Дүйнөдө Россиянын АКШдагы элчиси мекенине кайтты

Россиянын АКШдагы элчиси мекенине кайтты

90

real brand name viagra. Кисляк

Россиянын АКШдагы элчиси Трамп АКШга президент боло электе эле анын кишилери менен жолукканы үчүн Сергей Кисляк талкуунун чордонунда калган эле. Атургай аны Орусиянын башкы тыңчысы деген да айыптоолор болгон. Орусиянын эң башкы дүйнөлүк атаандашы — АКШдагы башкы дипломаты Сергей Кисляк 22-июлда мекенине кайтты. Орус элчилиги Твиттерге ал миссиясын жыйынтыктады деп гана кыскача жазды. 66 жаштагы дипломат башка кызматка дайындалары болжолдонууда. “Интерфакс” басылмасы өз булагына таянып, Кисляк Орусиянын жогорку палатасы – Федерация Кеңешине мүчө болорун маалымдады. Сергей Кисляк АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча чырдан улам таанымал. Анын шайлоого чейин Дональд Трамптын кишилери менен бир нече ирет жолугушуусу Кошмо Штаттарда иликтенип жатат.

Булак: Азаттык