Кыргызстандагы президенттик шайлоо дүйнɵлүк маалымат каражаттарынын да кɵз жаздымында калган жок. Шайлоо ɵнɵктүгүнүн жүрүшү, талапкерлердин мүмкүнчүлүктɵрү тууралуу Россиянын гезиттери менен маалымат агенттиктери байма-бай жазышууда.
Шайлоо темасына www.rosbalt.ru маалыматтык сайты да саресеп салып, анда агенттик негизги фавориттердин бири Ɵмүрбек Бабановдун катачылыктарга жол берүү менен жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн кескин тɵмɵндɵткɵнүн жазыптыр. Тагыраагы, агенттик ɵзбек элин кыргыздарга каршы тукурганы менен Казакстандын президенти менен жолугушуусун талапкердин катачылыктары катары эсептеген.
where generic propecia manufactured. Тɵмɵндɵ россиялык маалымат агенттигинин аталган макаласын кыргызчалап беребиз.
Жакында Кыргызстандын эли жаңы президенттүү болот. 10 күндɵн кийин Кыргызстанда президенттик шайлоо ɵткɵнү туру. Жогорку кызматка жетүүгɵ эки гана талапкердин реалдуу мүмкүнчүлүгү бар. Алардын бири – Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков жана ɵзүн ɵзү кɵрсɵткɵн парламенттин депутаты, олигарх Ɵмүрбек Бабанов.
Буга чейин Бабанов чоң айырмачылык менен алдыда келаткан болсо, эми рейтингдеги позиция ɵзгɵрдү, алдыга Сооронбай Жээнбеков чыкты. Ошого карабай экɵɵнүн ортосундагы президенттик үчүн айыгышкыс күрɵш уланууда.
Эми мурдагы фаворит катары саналып калган Ɵмүрбек Бабанов чынында ɵзүнүн жолун ɵзү бууп алды. Улуттар аралык маселени козгоп, «тышкы факторлордун» жетегинде калды, образдуу айтканда, тырмоочтун башын аңдабай тебелеп алды. Акыркы жүргүзүлгɵн социологиялык сурамжылоолордо шайлоочулар ушуну белгилеп жатышат. «Тырмоочту» Бабановдун алдына эч ким таштай салган жок, ɵзүнɵ ɵзү кылды. Биринчиден, ал кыргыз саясатчылары үчүн талылуу маселе делген улуттар аралык маселени кɵтɵтүп, ɵз тарабына ɵзбек улутундагы шайлоочуларды ɵткɵрүүнү кɵздɵдү. Оштогу 2010-жылдагы коогалаңда катуу жабыркаган айылда сүйлɵгɵн сɵзүндɵ Бабанов «чɵгɵлɵп жашаганча тике туруп ɵлгɵн» артык деп жар салды. Ошол замат ал түштүктɵгү бүтүндɵй электоратынан, ɵлкɵнүн түндүк тарабындагы тарапкерлеринин бир бɵлүгүнɵн ажырап, элдин кыжырына тийип алды.
Экинчи жолку тебелеген «тырмоочу» Кыргызстандын эли үчүн кыйла экзотикалуу десек болот. Бабанов ɵзүнүн үгүт кампаниясынын алкагында казак лидери Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, аны ири, олуттуу окуя, кадам катары кɵрсɵткүсү келип, бирок оң натыйжанын ордуна тескери натыйжага ээ болду. Кыргызстандын мекенчил маанайдагы электораты шайлоодон кийин ɵлкɵнүн Астананын таасиринде калышы ыктымалдыгына кыжырлары келишти. Бабановдун мындай кадамы элдин кɵпчүлүк бɵлүгүнɵ жаккан жок.
Канатбек Исаевдин камакка алынышы да Бабановго байланыштуу кезектеги негативдүү пикир, кɵз караштарды пайда кылды. Бабановдун соратниги саналган Канатбек Исаев шайлоодон кийин мамлекеттик тɵңкɵрүш уюштурууга камданып жаткан деп айыпталууда (видеого Исаевдин массалык башаламандыктарды уюштуруу үчүн кылмыштуу топтун балдарына акча берип жаткандыгы түшүрүлгɵн).
Ал эми талапкер болсо эл менен жолуккан жерлердин баарында элге кайрылып, шайлоо күнү кечинде шайлоо участокторунун алдына келип, добуштарды коргоп калууга чакырып келүүдɵ. Мындай чакырыктар элди чочутууда, айрыкча массалык башаламандыктарды кооптонуу менен кабыл алчу орус тилдүү шайлоочуларды тынчсыздандыра баштады.
Ошону менен катар Бабановдун ɵзүнүн жеңишке сɵз жок жетерине ишендирген коомдук пикир түзүү аракетинен да майнап чыккан жок. Ал атайын маалымат жыйынын ɵткɵрүп, анда шайлоочулардын 65 %ы аны колдой турганын шардана кылды. Бирок андай социологиялык кɵрсɵткүчтү кайдан алганын, кайсыл маалымат булагына таянып айтып жатканы жɵнүндɵ ооз ачкан эмес.
Ɵлкɵ Президенти Алмазбек Атамбаев Бабановдун мындай билдирүүсүн кɵз жаздымда калтырбады. 4-октябрда атайын билдирүү таратып, анда талапкердин ал айткандарын «шайлоочулардын 65 %ы аны колдоп жатыптыр» дегенди коомчулукка, элге таңуулоо аракети катары баалады. Президент муну менен чектелген жок. Элге бул боюнча реалдуу маалыматты берүүнү туура кɵрɵрүн билдирип, президенттик администрациянын тапшырмасы менен 2017-жылдын март-октябрь айларында жүргүзүлгɵн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгын ачыкка чыгарды.
Президент тарабынан келтирилген маалыматтар Бабановду кубантарлык эмес экен. Υч социологиялык уюмдун маалыматынын рейтингинде Жээнбековдун позициясы акырындап, бирок туруктуу нукта жогорулап жүрүп олтурса, ошол эле мезгилде Бабановдун рейтинги стагнациялык абалда калган. Ал эми акыркы одоно катачылыктары менен олдоксон билдирүүлɵрүнɵн кийин анын рейтинги кескин тɵмɵндɵп, жаз айынан бери карай алганда Сооронбай Жээнбеков атаандашын биринчи ирет ат чабым артта калтырган.
Кыргызстандагы белгилүү «Эл-Пикир» социологиялык компаниясынын маалыматына ишенсек, Жээнбековго суралгандардын 40,4 %ы добуш берүүгɵ даяр болушса, Бабановду 21,8 % ы колдоого алышкан. Сыягы, Бабановдун барган жеринде ɵзүнүн жогорку рейтинги жɵнүндɵ айтып, сɵз жок жеңишке жетишерине элди ишендирип жаткандыгы ушуну менен түшүдүрүлсɵ керек.
Ким билет, балким, Бабанов шайлоо ɵнɵктүгү башталган маалдагы абалдан улам эйфорияга батып алгандыр. Дегенибиз, башында Бабановдун талапкерлер арасындагы позициясы чыны менен жогору болчу. Эми Бабанов баштаган бабановчулар дүрбɵлɵңгɵ түшүп жаткан кездери. Бабановго тиешелүү НТС телеканалынан суткалап бийликтин административдик ресурстарды колдонуусу боюнча маалыматтарды берүүдɵ. Сыягы, анын штабы шайлоодон кийин бийликке басым кɵрсɵтүү менен добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну кɵздɵп жатышкандай.
Ток этерин айта турган болсок, шайлоонун жыйынтыгы эмитен белгилүү болуп калды. Жергиликтүү эксперттер Бабанов үчүн рейтингин 20-30 %га кɵтɵрүү реалдуу эместигин айтышууда. Албетте, эгерде Сооронбай Жээнбеков кандайдыр чоң катачылыктарга гана жол берип ийбесе. Кыргызстан баарын күтүүгɵ мүмкүн болгон ɵлкɵ, ошондуктан мындай вариантты да жокко чыгарууга болбойт. Ошол себептен «эгерде» деген нерсе кыргыз саясатында ар дайым маанисин жоготпой келет.