Домой Дүйнөдө Россияда жумушчулар жетишсиз. Курулуш тармагына 1, 2 млн. жумушчу керек

Россияда жумушчулар жетишсиз. Курулуш тармагына 1, 2 млн. жумушчу керек

31

Россияда курулуш тармагына жумушчулар жетишсиз болуп жатканын аталган өлкөнүн бийлиги билдирди.

Учурда Россияда курулуш тармагына 1, 2 млн. жумушчу жетишпейт. Жумушчулардын жетишсиздигине коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын жабык болгону себеп болууда.

Ал эми Россия айрым аймактарындагы курулуш тармагындагы жумушчулардын жетишсиздигин орус жарандарынын эсебинен толтурууга кудуретсиз болгондуктан көптөгөн курулуш компаниялары өлкөнүн Курулуш министрлигине кайрылып, мигранттарды ишке тартууга жардам берүүнү суранышкан.