Журналист Кудурет Тайчабаров өзүнүн интернет баракчасы аркылуу мигрант болуп жүргөн кыргыздарга салык салып жүргөн кримавторитеттер кармалганы тууралуу билдирүү калтырган:
«Россияда эмгектенип жаткан кыргыз мигранттарынан салык алып жүргөн кыргыздардын «каралары» кармалды. Болжолдуу түрдө «Сакалдын» балдары деп айтылууда.
-Ансыз деле бөтөн жерде мусаапыр болуп жүргөн мекендешин тоногон «каралар», Россия сага энеңдин оюну эмес! Кыргыз милициясына окшоп тоюңа кошумча көтөрүп барып, кызыл килем менен аэропорттон узатпайт. Бөтөн элде жумшак жериңерди кысып эле жүрсөңөрчү. Баатыр болсоңор, мафиялашып кеткен кыргыздын чиновниктерин тоногула! Эгер китеп окуган болсоңор, «Робин Гуд» байларды тоноп, бечараларга тараткан. Ошол себептен ал жөнүндө чыгармалар жазылып, эл арасында баатыр болуп калган. Бул видеодо задержание учурунда кандай былчылдатса, нары алып кирип алып он эсе энеңердин тоюн көрсөтөт. Бечаранын үнү Кудайга жетет, Россияда арыз жазсаң каралат. Андыктан, чала рекэттер акылыңарга келгиле!- деген Тайчабаров.
Булак: Багыт