Домой Коом Россияда көпүрө кулап, 49 кыргыз жараны жабыркады

Россияда көпүрө кулап, 49 кыргыз жараны жабыркады

196

27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступино районундагы “ФМ Сидорово” аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулаган кырсык боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Орусиянын Москва облусу боюнча Тергөө комитети тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, ишкананын жетекчилиги суракка алынган. Жыйынтыгында, РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренеси (Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, кылдаттыксыздыктан улам адамдардын ден соолугуна оор жаракат алып келсе) боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча чечим чыккан.

Тергөө жумушчулардын массалык түрдө жаракат алуусунун жагдайларын жана себептерин аныктамакчы.

Эске салсак, кечээ, 27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступино районундагы “ФМ Сидорово” аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргыз жараны жаракат алган.