viagra_gratisprobe. Кыргызстандык жарандардын Россияда улуттук айдоочулук күбөлүк менен эл ташып иштөөсүнө жол ачылды. Мындай норманы бекемдеген мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү Россиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алды. Бул тууралуу кабарлаган россиялык ММКлар аталган норма Кыргызстан үчүн гана иштей турганын маалымдаган. Демек, буга чейин айтылгандай Беларусиянын атуулдары да Россиянын айдоочулук күбөлүгүн алууга милдеттүү.
Бул да болсо Кыргызстандын тышкы саясатынын туура нукта баратканын белгиси. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Россияга мамлекеттик сапар менен барып дал ушул маселени чечип келген. Муну менен аталган мамлекетте жүк ташып, эл ташып жүргөн миңдеген мигранттарыбыздын ажаты ачылды. Ошентип Россияда жападан жалгыз Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү таанылды. Бул биз үчүн бир чети сыймык болсо, иштеп үй-бүлөсүн багып жүргөн мигаранттарыбыз үчүн чоң колдоо.