Россия мурда майда мыйзам бузууларга барган 47 миң кыргызстандыкты «кара тизмеден» чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Бул май айындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты», — деп айтылат билдирүүдө.
Ушул тапта Россиянын «кара тизмесинде» 35 миң кыргызстандык калууда. Алардын арасында соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылгандар да бар.