Эки жылга чукул ың-жыңсыз жоголуп кеткен “Жаңы Мезгил” партиясынын жетекчиси Рита Сулайманова капилеттен камакка түшүп эркиндикке чыкканына аз эле күн болду. Ошол окуянын чын-төгүнүн билүү максатында, алдыда кандай тилектер болоруна саресеп салып кенен маек курдук. Анда эмесе кепти чаргытпай суроолорго өтөлү.
— Алгач артка кылчайып караганыбыз оң болор? Сөздү бираз башына бурсак кантет?
— Жакшы болот. Биздин партиянын таржымалына кайрылсак он төрт жылдык тарыхы бар экенин билет жалпы коомчулук. Арийне, 2006-жылы түптөлгөн партиянын башында раматылык Аскарбек Базаркулов турган.Биз ал кезде кыйла жаш элек. Ошондуктан партиялык турмуштун оомалуу-төкмөлүү жагдайларына көңүл бурдук. Эми гана ишке көзүбүз каныгып келатканда жетекчибиз дүйнө салып кетип, оор күндөргө туш болдук. Бирөө келип ишибизди жасап бермек беле деген пикирге келип, кайрадан ишибизди жандандырдык. Тагдырдын буйругу менен мени партияга лидер кылып шайлашты. 2016-жылы он жылдык мааракебизди 400 адамдын катышуусунда салтанаттуу өткөрдүк. Офисибизди иретке келтирип өз арабабызды айдай баштадык. Карапайым жарандардан турган партиябыздын максаты жакырчылыктан чыгаруу болгондуктан башкы күчтү ошол тарапка багыттадык. Анча-мынча ийгиликтер болуп жатканда чак түштө чагылган түшкөндөй жаман окуя башыма келди…
— Эми ошол жерден кепти баштап берсеңиз ылайыктуу болот. Деги эмне болуп камалып калдыңыз?
— Жер маселеси боюнча далай эпчилдер учурда камакта отурушат. Биздин партияга да жер бөлүнүп берилмек. Анан ошол жерге кимдерди алгач жайгаштырабыз, кантип ишти ырааттуу жүргүзөбүз деген маселенин үстүндө кеңешип иш кыла баштадык. Ал тургай карапайым адамдарга ыңгайлуу курулуштарды баштоого инвестор да табылган. Тилекке каршы 2018 -жылдын майында ооруканадан операция болуп чыкканыма карабастан ойдо жок жерден милиция кызматкерлери келип кармап кетишти. Мени менен кошо кызым Айжанды камап салганы мени кыжаалат кылды. Тынымсыз күч түзүм тармактарга кайрылып жатып кызымды бошоттук. Мен болсо 665 күн бою камакта отуруп, абдан түйшүктүү мезгилди баштан кечирдим. Чыкканыма бир жумадан эми ашты.
— Ошондо сизге ким мынчалык карасанатайлык кылды? Чамасы душман алыстан келбесе керек?
— Так үстүнөн түштүңүз. Жанымда эле кошо ырыскылаш болуп, калп эле санаалаш болуп жүргөндөр арыз жаздырып, тос-тополоңго айландырып жиберишиптир. Алабарман жаным алардын куйтулугун байкабаптырмын. Деги ушулардан алыс болсоңчу, бир балээге кабылтпаса экен, — дегендердин сөзүнө маани бербей, тескерисинче тигилерди коргоп жүрүгөнүмө түштөн кийин өкүндүм. Келген повесткаларды мага көрсөтпөй жүрө беришиптир. Бизди тоотпой жаткандан кийин анын азабын берели да деген милиция кызматкерлери мага тиштерин кайрап калышыптыр. Муну алар кийин айтып беришти. Ошентип өзүмдүн эле жанымдагы “ кузгундардын” колунан балээге кабылдым. Бирок, сот Мирлан Термечиков тоскоолдукка карабай туура өкүм чыгарууну көздөдү.
— Ток этерин айтканда ичтен чыккан “ийри жылаандар” иштин жүрүшүнө тоскоолдук кылышыптыр да?
— Эми алардын ою боюнча партияны тартып алып, каалагандай тайраңдагысы келгени билинип калды. Ал тургай кызым Айжанды чакырып алышып, апаңдын иши бүттү, андан көрү биз менен чогуу иштеш деген сунуштарын айтышканын кантесиң? Эмнеси болсо да кыйын күндөр артта калганына каниет кылам. Тигил “бузукулардын” жүзү акыры эл алдында ачылат. Ошондуктан азырынча атын атабай турайын. Турцияда үйү бар, Лексусту кайкалап минет, бул байыды деген фактылардын бирин таппаган милиция кызматкерлери баарын иликтеп чыккандан кийин жалган жалаа экенине ынанышканын мага билдиришти. Акыйкаттын бар экенин изилдеген соң аныкташты.
— Эми түрмөдө ар кандай нукта кармалгандар жатат эмеспи? Ошолордун таасирдүүсүнөн айтып бербейсизби?
— Камактын да өзүнчө заң-закүнү болорун билдим. Чынында кымындай күнөөсү жоктор отурганын көргөндө ичиң эңшерилет турбайбы. Кызык, чупа-чупс уурдаган аял жарым жыл түрмөдө отурду. Болбогон уурулукту кылгандарды кармап отура беришкенинин себебин да боолголодум окшойт. Көрсө тендер деген балээнин шарапаты ушул жерде байкалат. Атайын каражат бөлүнөт экен отургандарга тамак-аш бериш багытында. Ошол каражаттан кур калбаш үчүн жанагындай жеңил-желпи кылмыш кылгандарды кармап отура берүүгө туура келет экен да. Негизи ири өлчөмдө көз боемочулук кылгандар тез эле бошоп кетишкени таң калтырды. Бирок, ошолор кайра эле келип калышат сымаптай болуп. Мунун жөнүн билүүгө анчалык акылдын кереги жок. Учурда салык кызматында эсепчи болуп иштеген бир аял отурат. Анын он жаштагы, анан үч жашар баласы калыптыр. Тимеле чырылдап ыйласа жанына туралбайсың. Тергөөчүлөр жетекчиңе каршы арыз жазсаң чыгасың деген кебин айтышса бул караманча каршы. Анткени башчысы эч нерсе жебеген, таза иштеген киши экен. Ушундай көрүнүштөргө күбө болдум. Баарынан да кайтаруучу болуп иштеген кызматкер аялдардын түйшүгүнө боорум ооруду. Бир мүнөт да отурбай, дайыма камктагыларды карап турат. Эс алууга видео көөмөл мүмкүнчүлүк бербейт. Айлыктары деле анчалык алымсындырбайт. Ушуларга өкмөт камкордук көрсө соопко калмак.
— Мындан аркы кадамдар кандай болоруна токтолсоңуз? Кантсе да изги тилектер бар чыгар?
— Адам илгери үмүт менен жашайт эмеспи. Анын сыңарындай бираз калыпка түшүп алгандан кийин, токтоп турган маанилүү иштерди иретке келтирүүгө убактымды коротом. Партиянын ишине толуктоолорду киргизип, ишенимдүү адамдарды сапка тизем. Жасай турган иштер аз эмес. Баса, мына март майрамы келатат. Жалпы аялзатына жакшылыктарды тилейм, ошолордун арасындагы партиялаштарымды да тазалыкка, адамкерчиликке чакырам. Ылайым, кыргыз мамлекетинде ынтымак-ырашкердик орносун. Жалпылап киришсек өлкөбүздү өнүктүрүп кетебиз!
Булак: Ачык сөз