Журналист Рита Борбукеева өзүнүн «Фейсбук» баракчасынан төмөндөгү кайрылууну жолдогон.
Калайык!
Сүрөттөгү-Талгат.
Имаш Шамиевден калган жалгыз туяк…
Нарында «Лимонти» аттуу Алмаз Сулайманов деген кримтөбөл бычакталып өлтүрүлдү. Ал 1998- жылдары Имаш Шамиев атуу жаранды мыкаачылык менен өлтүргөн. Ал үчүн өмүр бою соттолсо керек эле.
Бирок, ал белгисиз себептер менен эркиндикте жүргөн.
Алмаз (Лимонти ), ошол өзү өтө кыйнап өлтүргөн Имаштын уулуна бычак такайт. Сүрөттөгү 25ке чыга элек, каны кызуу олбурлуу Талгат Шамиев карап турмак беле, коргонууга өтөт да, криминалдын өзүнүн бычагын өзүнө сайып өлтүрөт, качып кетпей криминалдын машинасын айдап, анын сөөгүн милицияга алып келип, өзү сурак берет, колго түшүп.
Коргоном деп атып, бирок биротоло атасынын өчүн алган Имаштын жалгыз туягы Талгат, эки жыл мурда эле үйлөнгөн. Жакында кыздуу болгон.
Өзү араб тилин мыкты өздөштүргөн котормочу.Араб шейхтери жана башка туристтик бизнесмендер менен түрдүү тармакта долбоорлор менен иштечү.
Ал эми Алмаз Сулайманов ( Лимонти) мыкаачылык менен адам өлтүрүп каракчылык менен жүргөн, бир топ кылмышка катышкан криминал, наркоман экени ачыкка чыгууда.
Учурда Талгат Шамиевди Нарын ИИБсы Бишкекке камакка жөнөтүүдө.
Эмне негиз менен?
Окуя Нарында болуп, Нарында катталды да?
Эмне үчүн Коронавирус катталган, коменданттык саат болуп, ӨК жарыяланган Бишкек шаарына алып кетип атышат?
Эмнеге мыйзам бузуп атышат?
Эмнеге жапжаш баланы Бишкектеги ИВСке камашат?
Эгерде Талгат Шамиевге кол салуу уюштурулуп, калп эле «криминалдык разборка», деген шылтоо менен өлтүрүп коюшса, анда органдар жооп берет!
Анткени, Талгат криминал менен байланышы жок, 5 маал намаз окуган жигит.
Болгону- атасын өлтүргөн криминал Лимонтиден коргонуу үчүн гана аны- өзүнүн бычагы менен өзүн мууздап салды…
Акыйкат териштирүүнү күтөбүз!
Мыйзам боюнча тергөө Нарын шаарында эле болушун талап кылабыз!
Талгаттын апасына, келичегине, агаларына, туугандарына, баарыбызга сабырдуулук, эрктүүлүк тилейм!
Талгат атайын өлтүргөн жок. Өмүр бою түрмөгө кесилген, «Лимонти» деген канкордон коргонду…
Сүрөттө: Талгат Шамиев.
( атасы өлтүрүлгөндө наристе эле…)
Булак: Рита Борбукееванын Фейсбук баракчасы