Домой Коом Республикалык штаб бала бакчаларды санитардык талаптарга ылайык ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Республикалык штаб бала бакчаларды санитардык талаптарга ылайык ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

171

“Мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар ар бир райондо, шаарда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, жакынкы күндөрү бала бакчаларды ачуу боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат“, – деди КРнын премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ага ылайык, атайын тиркемелер жана бала бакчалар үчүн иш-аракеттердин алгоритми бекитилген. Бала бакчалардын имараттарын дезинфекциялоо иштери башталды.

“Сентябрдын аягында мектептердин иштей башташы жөнүндө жарыялайбыз. Учурда санитардык-эпидемиологиялык адистер Билим берүү министрлиги менен биргеликте бардык тажрыйбаларды үйрөнүп, күнү-түнү иштеп жатышат”, – деди ал.

Учурда жеке бала бакчалар Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун макулдугу менен иштейт.