Ош шаардык кеңешине шайлоо кампаниясы уланып жатат. 19-мартта Оштогу Ломоносов атындагы мектептин жанынан “Республика-Ата Журт” партиясынын үгүтчүсү Эмил Махматураим уулун сабап, Аида Кадыркул кызын сөгүп-сагып кетишкен. Сабаган белгисиз адамдар мектептин жанына экинчи жолобосун талап кылышкан. Таяк жеген Эмил ооруканага кайрылды, милицияга арызданды. Шайлоого 13 партиядан 1040 талапкер ат салышып жатат.