Домой Саясат “Республика-Ата-Журт” фракциясынын ичи тынч эмес

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын ичи тынч эмес

71

Качкын Бабановдун бийлик менен жеӊ ичинде сүйлөшүп алып кайтып келиши менен “Республика-Ата-Журт” фракциясынын ичиндеги аба-ырайы анча-мынча өзгөрөт деп күткөндөр да бар эле. Айрым маалымат каражаттары Жыргалбек Турускулов лидерликтен алынып, ордуна Бабановдун ат кошчусу Мирлан Жээнчороев болот деп жазып чыгышкан.

Бирок  эл өкүлдөрү Руслан Казакбаев, Табылды Тиллаев , Кенжебек Бокоевдер мындай сөз фракцияда, партиянын саясий кеңешинде жана депутаттар арасында болбогонун  айтып чыгышты. Албетте, болсо деле “ооба болду”  деп кантип айтышмак эле. Мындай ички интриганы ачыкка чыгарышпайт. Качкын, кылмышка шектүү, атагынан чатагы арбын Бабанов фракция лидерлигин өзүн сатпагандарга алып берүү аракетин минтип тымызын көрүп жаткандай.  Азыркы заманда кыӊыр иш кырк жылда эмес, кырк мүнөттө эле ачыкка чыгып калган.

Андыктан бул маселени бабановчулар канча жашырганы менен бат эле ачыкка чыгат. Маалым болгондой Бабанов шайлоодон кийин артын карабай качкан соӊ,  анын фракциядагы депутаттарынын көбү бийликти жактап, Руслан Казакбаевди лидерликтен алып түшүп, Турускуловду шайлашкан. Фракция ичинде Бабановду сатпаган Казакбаев, Бокоев, Жээнчороев өӊдүү беш манжага толбогон депутаттар эле калган.