Кече жакында эле КСДПнын жаштар канатынын лидери Ренат Самудинов интернеттеги социалдык баракчалардын бири аркылуу партиянын саясый кеңешинин айрым аракеттерин сынга алып чыккан. Албетте, муну да айрым маалымат булактары «КСДПдан ынтымак кетти» деген тыянакка түртө салуу аракетин көрүштү.
Бирок, Ренат Самудиновдун билдирүүсү КСДПдагы демократияны чагылдырат. КСДПнын съездинин алдында бул партиянын мүчөсү Ренат Самудиновдун билдирүүсү коомчулуктун көңүлүн бурдурду. Ал саясый кеңештин айрым аракеттерин сындап, бир катар демилгелери менен чыккан. Негизинен, Самудинов партиянын курулушу маселелери боюнча ар кандай ички партиялык талкууларды, партиядагы жагдайды баалоо жана аны өнүктүрүү боюнча пикирлерди коомчулукка алып чыкты. Мамлекетте белгилүү бир салмакка умтулуп жаткан жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз багыты бар кадимки саясый партия үчүн бул кадыресе көрүнүш.
Партиянын ичинде ички партиялык талкуулар болушу керек, алар курч, жада калса, кандайдыр бир карама-каршылыктуу мүнөзгө ээ болушу мүмкүн, бирок дебаттар тышка чыгып, коомчулукта талкуу уланып жатат.
Мындай кырдаалдар башка мамлекеттерде, демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө кадыресе көрүнүш катары саналат. Коом муну идеялардын, көзкараштардын каршылыгы жүргөн партиялардагы табигый процесс катары кабылдайт. Бирок Кыргызстанда Самудиновдун билдирүүлөрү башкача кабыл алынды. Коомдо негедир КСДПнын ажырымы, бул партиянын катарындагы тирешүүлөр тууралуу айта башташты. Биздин өлкөдө партиялардын баары жол башчылык түрдө түзүлгөндүктөн, бардык башкача пикирлер катуу айыпталат, жада калса, алар тышка чыкпаган учурда дагы. Эгерде талаштар дубалдан тышкары чыга турган болсо, аны чыгарган адам чыккынчы катары дароо партиянын катарынан чыгарылат.
Мисалы, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиясынын мүчөлөрүнүн бири анын пикирине, жадакалса партиялык эмес көзкарашына каршы чыкса, өзүнүн авторитаризмин бир нече ирет көрсөткөн.
Кызык болгону менен, бийликтин оппоненттери тиранияга жөндөмдүү катары көрсөтүп жатышкан партия Самудиновдун башкача ойлоруна чыдамкайлык көрсөтүүдө. «Биздин партияда Ренат Самудинов сыяктуу эки миңден ашуун жаш активисттер бар. Алардын ар бири партиянын өлкөдөгү баштапкы жана аймактык партиялык уюмдарында иштешет. Учурда партиянын ичинде жаштар канаты сыяктуу бөлүктү түзүү чечими расмий түрдө кабыл алынган эмес. Ошол эле учурда Саясый кеңеш тарабынан жаштарды партиялык иштерге активдүү тартуу жана алардын өкүлдөрүн КСДПнын башкаруучу органдарына аралаштыруу маселелери иштелип жатат. Балким, Р.Самудиновдун аракеттери жана билдирүүлөрү башка жаш активисттердин алдында ачылып жаткан келечектүү мүмкүнчүлүктөр менен байланыштуу болушу ыктымал», — делет КСДПнын билдирүүсүндѳ.
Билдирүүнүн бул фрагментинен улам, КСДПнын амбициялуу жана активдүү жаш мүчөлөрүнө ыктап жатканы, Самудиновдун демилгелерин, анын сын эскертүүлөрүн айыптоо максаты жогун байкоого болот. Партия акыры тирүү, өз көзкарашы, позициясы бар адамдардан түзүлгөн жана бардык эле саясый күчтөр, өз кызыкчылыктарын илгерилетүүгө, максаттарына жетүүдө уюмдун мүчөлөрүнүн идеялык потенциалын колдонууга умтулушат. Болбосо, солгундап, начарлайт. Партия акыры жүрүп шайлоодо гана колдонгон бутафорияга же брендге айланат. Анда саясый партиянын койгон максаттарынан өтө алыс болгон адамдарга өз желегинин алдында жүрүү укугун берет. “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” партияларынын тажрыйбасы буга айкын мисал.
Айнура ЭСЕНТУРОВА, укук таануучу