Домой Саясат Реформаны бүтүрүш керек. Алымкадыр Бейшеналиев министр болууга даяр экенин айтты

Реформаны бүтүрүш керек. Алымкадыр Бейшеналиев министр болууга даяр экенин айтты

35
Кайрадан саламаттык сактоо министри болууга, жумушка чыгууга азыр десе азыр даярмын. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Кайрадан саламаттык сактоо министри болууга даярмын. Азыр десе азыр даярмын. Анткени медицина жаатындагы баштаган реформаны аягына чыгарыш керек. Мен жокто баары токтоп калганын көрдүңөр да. Медик, башкы дарыгердин баары чалып жатышат. Эгер жакшы иштеген болсом президент кайра ордума коёт деп ойлойм. Менден жакшы иштеген бирөө болсо, балким, аны коёт. Өзүмдүн адистигим боюнча дагы да иштеп, көп пайда алып келем деген ойдомун», — деди министр.

Ал президенттин чечимин күтүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-августта, Бейшеналиевдин жактоочусу ИИМ министрге карата козголгон кылмыш иши кыскартылганын билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдары Бейшеналиевдин иш-аракетинен кылмыштын курамын таба алган эмес. Ошондуктан ал кайрадан cаламаттыкты сактоо министри болууга толук укуктуу.
Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап, ага жети кылмыш ишин козгогон. Министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп колго түшүрүлгөн. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат.
Кийинчерээк мамлекет башчы Жапаров Зулушевди Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон. Эки саясатчынын чатагынын төркүнүн биздин материалдан окуңуз.
14 күндөн кийин Бейшеналиев үй камагына чыгып, Зулушев кызматына кайткан. Ал арада президент атайын комиссия түзүп, бул жагдайды иликтеткен. 16-июнда аталган комиссия өз ишин жыйынтыктаган.