Домой Саясат “Реформа” партиясы парламенттик шайлоодогу 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылууда

“Реформа” партиясы парламенттик шайлоодогу 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылууда

53

“Реформа” партиясы 4-октябрда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясына  төккөн 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылууда.Партия муну добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганы, шайлоо жараяны аягына чыкпай калганы менен түшүндүрдү.

“Реформачылар” ушул өтүнүч менен БШКга кайрылган. Боршайком 28-ноябрда аны аткаруудан расмий баш тарткан. Аталган партия шайлоодо ат салышуу үчүн 5 миллион сом күрөөнү краудфандинг жолу менен, тагыраагы колдоочуларынан топтогон. “Эгер БШК каражатты берсе, ар бир сомду ээлерине кайтарабыз”,- деп жазылган “Реформанын” кайрылуусунда.

БШКнын расмий маалыматына ылайык, «Реформа» партиясы 4-октябрдагы жарандардын 2% жетпеген добушун алган.

Кыргызстандын шайлоо жөнүндөгү мыйзамына ылайык, парламентке барууга ат салышкан партиялар алдын ала 5 миллион сом күрөөнү БШКга берүүгө тийиш. Утуп чыккандарына, башкача айтканда мурдагы эрежеге ылайык 7% ашуун добуш алган партияга күрөө кайтарылат.