Домой Саясат РАЗАКОВ ЖҮРГӨН ЖЕРГЕ ЧӨП ЧЫКПАЙТ…

РАЗАКОВ ЖҮРГӨН ЖЕРГЕ ЧӨП ЧЫКПАЙТ…

58

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылган болчу. Ошондон улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган. Абал азыр турукташты дегенибиз мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр майнаптуу болбой келүүдө. Мындай окуялар ай айланбай кайталанууда. Тиешелүү жетекчилер улам ар шылтоонун башын айтып ушул абалга келди. Буга чейин биринч  вице-премьер министри Жеңиш Разаков эки тараптуу сүйөшүүлөр майнаптуу болгонун айтып, жакында кеңешмеге эки тараптын өкүлдөрү чогулуп этегине чыгаарын айткан болчу. Бирок, аягы азаптуу окуялар менен коштолууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча Кыргызсгандын вице- премьер-министри Жеңиш Разаков башында турган делегация бүгүн Тажикстандын өкмөт

өкүлдөрү менен жолугушат. Жолугушуу эки өлкө чектешкен аймакта өтөт. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, коопсуздукту бекемдөө, чыр-чатактардын алдын-алуу жана чек араны тактоо иштерин күчөтүү боюнча аракеттер талкууланат. Мындай жолугушуулар буга чейин да болуп келген, бирок
жыйынтыгы болгон эмес. Эми дагы ошондой жолугушууну Разаков кайрадан колго алууда.Майнап чыгышына ишенүүгө болобу? Албетте, жок. Буга чейин Разаковдун айланасында айылып жүргөн “тыңчылык” кептер канчалык чындык экенин билбейбиз, бирок Разаков чек ара маселесин чечүүгө дарамети жетпээрин анык билебиз.

Булак: Факты.кж